Шериктештиктин футбол боюнча Кубогунун жарым финалчылары аныкталды

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүАрхив: футбол
Архив: футбол - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Беларуссиянын, Түштүк Африка Республикасынын, Финляндиянын жана Түркмөнстандын футбол боюнча жаштар курама топтору Шериктештик Кубогунун жарым финалына чыгышты.

БИШКЕК, 22-янв — Sputnik. Шериктештиктин футбол боюнча Кубогунун жарым финалчылары аныкталды деп билдирет "Р-Спорт".

Чейрек финалдын жүрүшүндө шаршемби күнү Россиянын жаштар командасы Түштүк Африка Республикасынын командасына 2:0 эсеби менен утулуп калды; Беларуссиянын футболчулары казакстандыктарды (1:1, пенальти боюнча 3:1) жеңип алышты; Финляндия болсо Кыргызстанды 1:0, ал эми Түркмөнстандын курама тобу тажикстандыктарды 2:0 эсеби менен утуп алды.

Ошентип, жарым финалда Түштүк Африка Республикасы менен Беларуссиянын жана Финляндия менен Түркмөнстандын курама топтору кездешмекчи.

Кыргызстандын командасы Кубокто B тобуна кирип, Россиянын, Молдованын жана Латвиянын оюнчулары менен кездешти. Молдованын жана Латвиянын командасы менен болгон биринчи оюндар 1:1 эсеби менен аяктаган. Команда топтук баскычта РФтин курама командасын жеңип чыгып, биринчи орундан плей-офф орунуна жылды. 

Чейрек финалда КРдин жаш футболчулары Финляндияга уттуруп койду — оюн финдердин пайдасына 1:0 эсеби менен бүтүү.

Шериктештик Кубогу 16-январда башталган, жана ал 26-январга чейин болот. Таймаш Санкт-Петербург шаарында өтүүдө.

1993-жылы турнирде мурдагы союздук республикалардын улуттук чемпионатта жеңип чыккан футбол клубдары катышкан. 2012-жылдан тартып Шериктештик Кубогун өткөрүү форматы өзгөрүп, анда өлкөлөрдүн жаштар курама топтору катыша баштады. 2012- жана 2013-жылдарда Россиянын командасы, ал эми 2014-жылы Украинанын командасы турнирдин чемпиону болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0