Улуттук Гвардиянын Ардак кароолунун аскерлери башка аскерлерден так катар кадамы, кыймыл аракетинин ырааттуулугу жана кызмат учурунда бирдей калыпта туруусу менен айырмаланат.

Кыргызстандын Улуттук Гвардиясынын Ардак кароолунун аскери.

Улуттук Гвардиянын Ардак кароолуна денеси чымыр, бою 175 сантиметрден кем болбогон эр азаматтар гана алынат.

Жалпысынан Улуттук Гвардиядагы бир орунга 10 киши ат салышат.

Кадамдоо учурунда түз басуу үчүн аскерлер куралды белине коюп басышат.

Улуттук Гвардиянын Ардак кароолунун аскерлери башка аскерлерден так катар кадамы, кыймыл аракетинин ырааттуулугу жана кызмат учурунда бирдей калыпта туруусу менен айырмаланат.

Ардак кароолдун аскеринин күнү саат 06:00дө "Рота, тур!" деген буйрук менен башталат. Аскер ыкчам түрдө кийинип, жуунуп жана тамактанууга үлгүрүшү керек.

Улуттук Гвардиянын формасын кийүү – аскер үчүн сыймык.

Аскердин өтүгү дайыма жалтырап турушу керек.

Саат 07:00дө аянттагы постко чыгууга камылга көрүлөт.

Постко чыгуу алдында гвардиячыларды жооптуу кызматкер текшерет.

Ардак кароолдун аскерлерине курал берилет.

Бир нөөмөткө бир күндө ардак кароолдун үч аскер чыгып, ар бир саатта алмашып турат.

Гвардиячылардын жоопкерчиликтүү милдет алдындагы алгачкы кадамдары.

Саат 08:00дө кароолдун жетекчисинин так жетекчилиги алдында флагштокко жөнөшөт.

Ала-Тоо аянтындагы мамлекеттик желектин алдындагы пост Кыргызстандын башкы кароол постут.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желеги.