БИШКЕК, 30-дек — Sputnik. Алмазбек Атамбаев "Тумар" белгилүү бий тобунун катышуучулары менен жолугуп, алардын чыгармачылыгы – кайраттуулуктун жана эрктүүлүктүн мыкты үлгүсү экендигин белгиледи, деп кабарлай президенттин аппаратынын маалымат кызматы.
Курамында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген Самыйбек кызы Адина, Талайбек уулу Эрдика, Карабек уулу Талгат болуп, Тимур Сыдыков менен Эрмек Кадыров жетектеген жамаат бир топ жылдан бери эл аралык конкурстарда жана мелдештерде ийгиликтүү өнөр тартуулап келет.
Мамлекет башчысы "Тумар" бий тобунун катышуучуларына алардын ишмердигин колдоого алууга багытталган транспорттук каражат сатып алууга сертификат тапшырып, мындан ары дагы чыгармачылык ийгиликтерди каалады.