Украинанын телеканалдары Россиянын сериалдарынан баш тартпайт

© Фото / espensorvikПульт от телевизора
Пульт от телевизора - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук кеңештин төрагасынын теле- жана радио берүү маселелери боюнча биринчи орун басары Ольга Герасимюк билдиргендей, украиналык телеканалдар келерки жылы Россиянын телесериалдарын сатып алууну мурдагыдан аз пландашкан, бирок сатып алуу баары бир көп болот.

БИШКЕК, 25-дек — Sputnik. Украинанын телеканалдары келерки жылга Россиянын телесериалдарын сатып алуудан баш тартпайт деп билдирди Улуттук кеңештин төрагасынын теле- жана радио берүү маселелери боюнча биринчи орун басары Ольга Герасимюк деп кабарлайт РИА Новости. http://ria.ru/world/20141224/1039930689.html#ixzz3Msi0asy2

Мурдатан Украинанын Мамлекеттик кино агенттигинин алдындагы тасмаларды жайылтуу жана көрсөтүү боюнча эксперттик комиссия өз алдынча жарыяланган Донецк Элдик Республикасына барып кеткен россиялык киноактёрлор Иван Охлобыстин менен Михаил Пореченковдун катышуусундагы фильмдерди жана сериалдарды көрсөтүүгө тыюу салган эле. Андан мурун эксперттик комиссия Россиянын күч структураларын даңазалаган тасмаларды Украинанын аймагында кино жана теле көрсөтүүлөргө, коммерциялык видео жана үй видео үчүн жайылтууга тыюу салган. Андай тасмаларга "Кадетство", "Гончие", "Следственный комитет", "Спецназ", "Десантура", "Морпехи" жана "Военная разведка" кирет.

"Украиналык телеканалдар келерки жылы Россиянын телесериалдарын сатып алууну мурдагыдан аз пландашкан, бирок сатып алуу баары бир көп болот", — деген Герасимюктун сөздөрүн келтирет Улуттук кеңештин маалымат кызматы.

Анын айтымында, Россиянын айрым тасмалары үгүт каражаты катары пайдаланылгандыктан, аларга тыюу салынышы керек.

"Белгилүү бир критерийлер иштелип чыккан, аларга ылайык биз тыюу салуу жөнүндө чечим чыгарабыз. Эксперттик кеңеш тасмаларга берилген обого чыгаруу күбөлүктөрүн кайра алып коюуга укуктуу", — деп түшүндүрдү чиновник.

Мамлекеттик кино агенттигинин тиги же бул тасмага тыюу салуу маселеси каралып жаткан эксперттик комиссиянын курамына Улуттук кеңештин үч мүчөсү киргенин кошумчалады ал.

Сентябрдын башында Украинанын телерадио берүү боюнча Улуттук кеңеши Россиянын 15 телеканалын өлкөдө көрсөтүүгө тыюу салынганын билдирген эле. Бул тизмеге "Первый канал. Всемирная сеть", "Россия 24", "Россия 1", "НТВ", "НТВ-Мир", "ТНТ", "Звезда", "Ren-ТВ", Life News, RT жана "История" телеканалдары кирет.

Мурдараак Россиянын Тышкы иштер министрлиги телеканалдардын өчүрүлүшүн ЖМК эркиндигине жасаган чабуул деп атаган, ал эми Биринчи каналдын башкы директору Константин Эрнст Украина бийлигин эл аралык укукка жана абоненттердин кызыкчылыгына каршы келген бул чечимди алып салууга чакырган. 

ЕККУнун ЖМК эркиндиги боюнча өкүлү Дунья Миятович да Украинанын телерадио берүү боюнча Улуттук кеңешинин улуттук кабелдик түйүндөргө Россиянын телеканалдарын көрсөтүүгө тыюу салынганына тынчсыздануусун билдирген. Мыйзамдуу негизи жок эле мындай тыюуну ал "цензуранын түрү" деп атаган. Миятовичтин айтымында, улуттук коопсуздук максатындагы аракеттер ЖМК эркиндигин чектебеши керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0