БИШКЕК, 12- дек — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Башкы катчысы Николай Бордюжаны кабыл алды. Бул туурасында президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө ЖККУ ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелер талкууланып, андан сырткары Москва шаарында боло турган Уюмдун жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясынын күн тартиби каралды.
Президент Алмазбек Атамбаев менен ЖККУ Башкы катчысы Николай Бордюжа регионалдык коопсуздукту камсыз кылуу жана Уюмдун алкагында ЖККУГА мүчө мамлекеттердин мындан аркы өз ара иштешүү маселелерине да көңүл бурушту.