БИШКЕК, 12-ноя — Sputnik. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Түркмөнстанга жасаган расмий сапарынын алкагында ат-спорттук комплексинде болуп, "Галкыныш" цирктик атчандар тобунун оюнуна күбө болду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Алмазбек Атамбаев ошондой эле, Түркмөнстандын биринчи Президенти Сапармурат Ниязовдун мавзолейине,Түркмөнстандын Көз карандысыздыгынын монументине гүлчамбар койду.
© ПРЕСС-СЛУЖБА ПРЕЗИДЕНТА КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ