Атамбаев Түркмөнстанга расмий сапар менен келди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Түркмөнстанга расмий сапар менен келди
Кыргызстандын президенти Түркмөнстанга расмий сапар менен келди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атамбаевдин Түркмөнстанга болгон иш сапары эки мамлекеттин байланыштарын тереңдетүүгө багытталган.

БИШКЕК, 11-ноя — Sputnik. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 10-ноябрда расмий сапар менен Түркмөнстанга келди. 

Президент Алмазбек Атамбаев Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, бир катар эки тараптуу кыргыз-түркмөн документтеринде кол коюу болжолдонууда, — деп маалымдайт президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Мамлекет башчысынын Түркмөнстанга сапары кыргыз-түркмөн мамилелерин өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө, ошондой эле эки тараптуу байланыштарды мындан да активдештирүүгө багытталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0