Сауд Аравиянын бийлиги чет өлкөлүктөргө кичи ажылыкка уруксат берди. Шарты

© AFP / -Мекка шаарында кишилер ажылык учурунда
Мекка шаарында кишилер ажылык учурунда  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.07.2021
Жазылуу
Кичи ажылыкка барууну каалагандар эмделген болушу шарт же ПЦР-тесттин терс жыйынтыгын көргөзүшү керек. Өлкөгө киргенден кийин да карантинден өтөрү айтылды.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Сауд Аравиясынын бийлиги коронавируска каршы вакцина алган чет өлкөлүктөргө кичи ажылык жасоо үчүн өлкөгө кирүүгө уруксат берди. Бул тууралуу Gulf News жазды.

​Ага ылайык, аталган мамлекет зыяратчыларды 10-августтан баштап кабыл ала баштайт. Кичи ажылыкка барууну каалагандар Сауд Аравия жактырган Pfizer, Moderna, Johnson&Johnson, AstraZeneca вакциналары менен эмделген болушу шарт же ПЦР-тесттин терс жыйынтыгын көргөзүшү зарыл.

​Өлкөгө киргенден кийин зыяратчылар карантинден өтүп, андан кийин кайрадан анализ тапшырууга тийиш экени кошумчаланды.

Эске салсак, быйыл ажылык 17-22-июлга чейин өткөн. Ага былтыркыдай эле Сауд Аравиянын коронавируска каршы вакцина алган 18 жаштан 65 жашка чейинки 60 миңдей тургуну катышкан. Чет өлкөлүктөр үчүн эшик жабык болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0