Дохада Афганистан өкмөтү менен "Талибандын" сүйлөшүүсү башталды

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүДоха шаары. Архив
Доха шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.07.2021
Жазылуу
Эл аралык ЖМКлардын жазганына караганда, тараптар өткөөл өкмөттүн курамын бекитүү, туткундарды алмашуу жана ок атууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Катар мамлекетинин Доха шаарында Афганистандын тирешип турган саясий күчтөрүнүн ортосунда сүйлөшүүлөрдүн кезектеги раунду өтүп жатат. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Маалыматка караганда, сүйлөшүүлөр жабык режимде өтүүдө.
"Буга чейин Афганистандын Tolo News телеканалы өз маалымат булактарына таянып билдиргенине караганда, Доха шаарына өлкөнүн экс-президенти Хамид Карзай менен Улутту элдештирүү боюнча жогорку кеңештин башчысы Абдулла Абдулла "Талибан"* кыймылы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн барары айтылган", — деп жазылат кабарда.
Афганистандын аскер кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.07.2021
ЖМК: АКШ Афганистандан 12,5 миң жаранды алып кеткени жатат
Афган өкмөтүнүн делегациясынын курамында 2020-жылдын сентябрдагы сүйлөшүүлөрдөн кийин алгачкы жолу мындай жогорку кызмат адамдары болуп жатканы айтылды. Ал эми талибандардын башында бул кыймылдын Катардагы кеңсесинин жетекчиси Барадар Ахунд турганы кошумчаланды.
Эл аралык ЖМКлардын жазганына караганда, тараптар өткөөл өкмөттүн курамын бекитүү, туткундарды алмашуу жана ок атууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
Учурда Афганистандан НАТО күчтөрү акырындык менен чыгып кетип жатат. Мындан улам бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган террордук уюм деп эсептелген "Талибан"* өкмөттүк күчтөр менен тирешүүдө.
*Талибан – бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган террордук уюм.
 
Жаңылыктар түрмөгү
0