Жаңылыктарга каршы үгүт: батыш ЖМКлары позициясын алдырдыбы?

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүПолиция кызматкерлери Москва шаарында. Архив
Полиция кызматкерлери Москва шаарында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттиги РФ жана батыш (ал гана эмес) маалымат каражаттарынын образына багытталган "Осьминог 2.0. Россиядагы коронавирус" деген иликтөө жүргүзгөн.

Бул ирет иликтөөчүлөр басылмаларда жарыяланган пандемия темасына көңүл бурушкан. Ал эми иликтөө үчүн "бутага" "Чоң жетилик" өлкөлөрү гана илинбестен, вирус эпидемиясынын алгачкы очогу болгон Кытайдагы маалымат каражаттарын да карап чыгышкан. Бул туурасындагы кесиптешибиз Ирина Алкснистин макаласы РИА Новости агенттигине жарыяланган.

Кытайдын кошулганы да ырас болгон экен, себеби кытай медиасы боюнча статистика да батыш басылмалары тарабынан трансляцияланып келген дүйнөнүн картинасы үчүн күтүүсүз фонду камсыз кылды. Жалпысынан, "Осьминог 2.0" иликтөөсү андан башка сюрприздерди деле жараткан эмес. COVID-19 батыш басылмалары тарабынан антироссиялык үгүттү улантуу үчүн маалыматтык шылтоо катары пайдаланылган. Бул багытта америкалыктар дале айныгыс лидер, аудиториясы кең беш ири басылмалардагы макалалардын 58 пайызы терс маанайда болгон. Андан кийинки сапта – германиялык медиа турат. Аларда бул көрсөткүч 44 пайызды, канадалыктарда — 41, ал эми британиялыктарда — 38 пайызды түзгөн.

Черышева: Европанын Sputnik Эстония тушуккан абал боюнча унчукпаганы — кылмыш

Ошол эле убакта "Чоң жетиликтин" калган үч мамлекетинде Россияга карата терс мамиленин үлүшү кыйла азыраак: Японияда — 33 пайыз, Италияда — 28, ал эми Францияда 21 пайызды көрсөткөн. Бирок позитив жагынан абал баарында жарытарлык эмес, тагыраагы, бирден беш пайызга чейинки гана көрсөткүчтө. Тек гана Италияда коронавируска каршы күрөш жана Россия туурасында жагымдуу жаңылыктардын көлөмү тогуз пайызга чыккан. Буга аталган мамлекетке Россия тарабынан көрсөтүлгөн көмөк таасир эткен өңдөнөт, оң маанайдагы кабарлардын санын дал ушул боюнча материалдар арттырган. Бирок бул көрсөткүчтөрдө башка бир кызык аспекти бар: басылмалар учурдун урунттуу геосаясий тренддерин ачык көрсөтөт. Бир тараптан, англосакстар дале антироссиялык чабуулдун мизинде турат. Анын кыймылдаткыч күчү да өздөрү эмеспи. Экинчи жагынан, алар союздаштарынын колдоосунан ажырап барат. Алар калыс позицияны карманууга тырышып, русофобияга берилбөөнүн аракетинде. Бул акылга сыярлык кадам, анткени мезгил алмашты. Эшикте эбак 2014-жыл эмес.

Ал эми көрсөткүчтөргө таянсак, бул багытта Германиянын жагдайы татаалдай. Белдүү немис басылмаларынын активдүү антироссиялык позициясы мамлекеттик саясий чийинге карама-каршы келет. Берлин Москва менен биргелешкен долбоорлорду түзүп, аларды коргоп гана эмес, АКШдан жарым оккупациялык көз карандысыздыктан ырааттуу түрдө арылып да келет. Бирок медиа чөйрөдө негизги басылмалардын улуттук кызыкчылыктарга эмес, тескерисинче, вашингтондук кожоюндарына терең баш ийгени жана кыңк этпеген лоялдуулугу дале сакталуу экени айдан-ачык.

Кокусунан кетирген катадай эмес. Facebook неге актанды?

Антироссиялык-ковид үгүтүндөгү белгилүү темаларга токтолсок, алар да оригиналдуулугу менен деле айырмаланышкан эмес. Мурдатан белгилүү болгондой эле "Россия болуп көрбөгөндөй куурап барат, бирок ал бүт дүйнөгө өтө кооптуу коркунуч туудурат эмеспи" деген тейдеги маалыматтар.

Атап айтканда, бул РФтеги жалпы кырдаалга, саламаттыкты сактоонун атамекендик абалына, COVID-19 менен күрөштө россиялык бийликтин аракетине айтылган сын-пикирлерге айланып кеткен. Көпчүлүк бөлүгүн "кырдаал кылдын учунда, көз ачып-жумганча баары кыйрап калышы ыктымал" деген жоромолдор түзөт. Бул учурда жаңы деле ойлоп тапкандары жок. Негизги таккан айыбы: Москва пандемия боюнча туура эмес маалымат кампаниясын түзүүдө, Россия кол жуунун да пайдасыздыгына адамзатты амалкөйлөнө ынандырууда.

Албетте, кытайлык маалымат каражаттарында көйгөйдү чагылдыруу картинасындагы айырма таң калтырарлык. Кеп коронавируска каршы күрөш контекстинде Россия жөнүндөгү 20 пайыз жагымдуу макалаларда жана терс макалалардын жоктугунда да эмес. Башкы айырмачылыгы дал ушул темага карата макалалардын санында.

Расизмби же анархиябы? АКШ оңой эмес тандоо алдында турат

Марттан июнга чейин Кытайдагы алдыңкы 5 медиаресурста Россиянын эпидемияга каршы туруштук бериши тууралуу 1200дөн ашуун макала жарыяланган. Башка жактарга салыштырсак, ушундай эле мезгил аралыгында Канадада — 238 текст чыккан. Ал эми калган алты өлкөдөгү көрсөткүчтөр 371 (Италия) менен 470тин (Япония) ортосунда. Баса, америкалыктар жалпы тизмеде бешинчи сапта – океан ар жагында басылмаларда 428 макала чыккан. Демек, үч ай ичинде кытайлык маалымат каражаттары "Россиядагы коронавирус" темасында планетадагы эң күчтүү делген америкалык медиага караганда үч эсе аз материал жарыялаган. Анткен менен кытайлыктарда алар 80 пайызы нейтралдык-маалыматтык мүнөздө экенин эскертип койгон оң, башкача айтканда, көбүнесе жаңылыктар гана ээлейт. Мындай ири айырманы Кытайдын россиялык иштерге болгон өзгөчө кызыгуусу дешке болбойт. Болгону алдыңкы кытайлык маалымат каражаттарынын батыштагы кесиптеш-атаандаштарына караганда алда канча натыйжалуулугун, кыйла чоң маалыматтык агымды карап, иштеп чыгарын гана белгилеп коюу абзел.

Иш жүзүндө бул маалыматтык лидерликтен тайгандыгы боюнча батыштын чочулоосун ырастайт. Албетте, алар анекдоттук формага чейин жеткирип, көбүртүп-жабыртып элге сунушканы менен маалыматтарында чындыктын үлүшү жок.

АКШ Россияны түрк аскерлеринин өлүмүнө күнөөлөдү. Эч кимдин кылы кыйшайбайт

Бир убакта Батыш жалпыга маалымдоо каражаттарын өз түшүнүгүндөгү заманбап нукта жаратып, өзүн башкалар үчүн айныгыс лидер жана түздөнө турган үлгү катары көрсөткөн. Сөз жана маалымат таратуу эркиндиги идеологиялык жана геосаясий каршылаштарына каршы күрөштөгү көзүрүнө айланып, ийгиликтүү пайдаланышкан. Бирок Кытайбы же Россия болобу, "эркин эмес дүйнөнүн" медиасы менен батыш маалымат каражаттарынын мындан ары ат салышы татаалдагандан татаалдай турганы бышык. Жогоруда айтылган, жалгыз бир тема боюнча гана чыккан кытайлык 1200 материал менен америкалыктардын 450 макаласы боюнча көрүнүш да ошол эле процессти чагылдырат.

Америкалык жана европалык саясатчылар тарабынан дүрбөлөңгө карабай, RT жана Sputnik боюнча Европанын белгилүү жана таасирдүү маалыматтык ресурстарына караганда кыйла жылуу пикирлер арбын.

Батыштагы маалымат каражаттары бара-бара болушунча кеңири жана ар кыл маалыматты топтоо, элге жеткирүү өңдүү негизги вазыйпасын аткара албай барат. Бул материалдын мазмуну жана окурмандарына сунулушуна да тиешелүү. Ооба, Батыш азырынча "эң эркин, чынчыл, кесипкөй басма сөз" бойдон калууда. Бирок жагдай алмашып жатат, бүгүн болбосо эртең алардын "ички мазмуну" элге дайын болору ажеп эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0