Кардиолог: кечки алтыдан кийин тамактануу жүрөк ооруга чалдыктырат

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүГород Хайлар в КНР
Город Хайлар в КНР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Изилдөөгө кечки саат алтыдан кийин тамактанган жана тамактанбаган 112 аял катышкан. Алардын орточо курагы 33 жашты түзөт.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Кечинде тамактанган аялдар жүрөк оорусуна кабылышы мүмкүн. Бул тууралуу MedicalXpress порталы америкалык кардиолог Эвелин Грейверге таянуу менен билдирди.

Медиктин айтымында, кеч курун адамдын организми тамак сиңире албай калат.

"Кечинде желген тамакты сиңирүү кыйын, анын үстүнө адам түнү бою кыймылда болбойт. Ошондуктан организмдеги калория кетпей, топтолуп калат. Мындан сырткары, кечинде жана түнкүсүн адамда зат алмашуу менен организмдин иштөө ритми начарлайт", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми Нью-Йорктогу колумбиялык университеттин изилдөөсүндө, кечкисин тамактануу аялдарды жүрөк оорусуна чалдыктырары белгиленген. Экспериментке орточо курагы 33 жашты түзгөн 112 аял катышкан. Натыйжада кечки саат алтыдан кийин тамактанган аялдардын жүрөгүнүн саламаттыгы алтыга чейин азыктанбагандарга караганда начар болуп чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0