БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Японияда ай-күнүнө жетпей, салмагы 268 граммдык наристе төрөлүп, жашап кетти. Бул тууралуу Japan Times басылмасы жазды.
World's smallest surviving baby boy EVER weighing just 0.59lbs is finally home after SEVEN MONTHS in hospital https://t.co/XbUSopNwno
— Daily Mail Online (@MailOnline) 26 февраля 2019 г.
Наристе тарыхта биринчи жолу ушунча аз салмакта туулган эркек бала болуп калды.
"268 граммдык ымыркай операция жолу менен Токио шаарында жарык дүйнөгө келген. Дарыгерлер эненин курсагында 24 гана жума (6 айга жетпеген) жаткан баланын дем алуу системасын иштетип, тамак берип турушкан. Алты ай ичинде салмагы 3 килограмм 238 граммга жеткен баланы жакында үйүнө чагырышты", — деп айтылат билдирүүдө.
Буга чейинки рекорддор Германияда катталган. Өлкөдө 2009-жылы салмагы 274 граммдык уул төрөлсө, 2015-жылы 252 граммдык кыз жарыкка келген.
Негизи дүйнө жүзү боюнча буга чейин салмагы 300 граммга жетпеген балдардын 23ү жашап кеткен.