Forbes: өлгөндөн кийин да эң көп акча тапкан атактуулар

© AFP / LOIC VENANCE Премьера фильма "Хан Соло: Звездные Войны. Истории"
Премьера фильма Хан Соло: Звездные Войны. Истории - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маркумдардын алды 400 миллион доллар, тизменин аягындагылар 12 миллион доллар тапкан.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Бул дүйнөдөн көзү өтүп кетсе да эң көп акча тапкан атактуулардын тизмесин Forbes журналы жарыялаган. Мындай маалыматты BBC басылмасы жазды.

Ага ылайык, 2009-жылы каза болгон америкалык ырчы Майкл Жексон былтыр 400 миллион доллар таап, тизменин көч башында турат. Экинчи орунду 40 миллион доллар менен маркум Элвис Пресли ээледи.

Майкл Жексон негизги каражатты анын Sony корпорациясындагы EMI Music Publishing музыка үйүнүн үлүшүнүн сатылышынан тапкан. Ошондой эле музыкаларынын сатылышынан да акча түшкөн.

Самые сексуальные девушки по версии Victoria's Secret - Sputnik Кыргызстан
Forbes журналы сериалдарга тартылып көп акча тапкан актрисаларды тизмектеди
Ал эми Элвис Преслинин негизги киреше булагы анын альбомдорун сатуудан түшөт. Жылына 1 миллиондой альбому сатылат. Андан сырткары, Мемфестеги үй-музейине кирүүнү каалагандарга сатылган билеттен жана көңүл ачуучу комплексинен акча түшөт.

Үчүнчү орунда гольфчу Арнольд Палмер турат. Былтыр Molson Coors компаниясы Arnold Palmer аталышындагы спирт ичимдиктерин чыгарган. Ал өз кезегинде Палмердин мураскерлерине 35 миллион доллар киреше алып келген.

Төртүнчү орунда сүрөтчү-карикатурист Чарльз Шульц (34 млн. доллар), бешинчи орунда музыкант Боб Марли (23 миллион доллар), 6-орунда жазуучу жана мультипликатор Доктор Сьюз (16 миллион доллар), 7-орунда Playboy журналынын негиздөөчүсү Хью Хефнер (15 миллион доллар), 8-орунда актриса Мэрилин Монро (14 миллион доллар), 9-орунда музыкант Принс (13 миллион доллар), 10-орунда музыкант Жон Леннон (12 миллион) турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0