Кыргызстан 2019-жылы саякаттоого эң мыкты 10 өлкөнүн катарына кирди

© Фото / Влад УшаковГоры Кыргызстана
Горы Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Рейтингди түзүүдө абройлуу басылмалардын редакторлорунун, эл аралык изилдөөчүлөрдүн пикири эске алынган.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Эл аралык Lonely Planet басылмасы Кыргызстанды 2019-жылы саякаттоого эң мыкты болгон он мамлекеттин катарына кошту.

Аталган тизмеде Кыргызстан бешинчи орунга татыган. Биринчи орунда Шри-Ланка турат. Бул мамлекеттин бийлиги он жылга созулган ички жаңжалын жөнгө салып, туристтер үчүн түзүлгөн шартты жакшырта алган. Экинчи орунда Германия, үчүнчү орунга Зимбабве татыган.

Рейтингди түзгөндөрдүн ырасташынча, туристтер Кыргызстанга Көчмөндөрдүн дүйнөлүк үчүнчү оюндары өткөндөн кийин кызыгып калышкан.

"Жөө жүрүү үчүн узундугу 2,7 чакырымга жеткен жаңы маршруттар, туристтерге ыңгайлашкан продукцияларды чыгаруу, автожолдордун оңдолушу жана жеңилдетилген электрондук виза… Бузула элек жаратылышты көрүүнү каалагандар үчүн Кыргызстан сүймөнчүк жайга айланууда", — деп жзылат макалада.

Вена шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жашоого ыңгайлуу делген алдыңкы шаарлар аталды. Рейтинг
Туристтер үчүн сунушталган он мамлекеттин катарына ошондой эле Панама, Иордания, Индонезия, Белоруссия, Сан-Томе жана Принсипи (Борбордук Африкадагы аралча мамлекет) кирди.

Lonely Planet басылмасы 1972-жылы негизделген. Ал капчыгы өтө калың болбогон саякатчыларга ыңгайлуу мамлекеттерди сунуштап келет. Башкы кеңсеси Австралияда орун алган.

Эгер сиз жалгыз саякаттагынды жактырсаңыз бул мамлекеттерди кыдырсаңыз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0