Нью-Йорктогу терактыны Өзбекстандан келген жаран жасаганы айтылууда

© REUTERS / Andrew KellyНаезд на велосипедистов и прохожих в Нью-Йорке
Наезд на велосипедистов и прохожих в Нью-Йорке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шейшемби күнү жүк ташуучу чакан автоунаа Манхэттендин көчөсүнөн велосипед тээп бараткандарды жана жөө кишилерди сүзүп, андан сырткары, мектептин автобусун дагы коюп кеткен

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Теракты жасаган киши Өзбекстандан келгенин CNN телеканалы укук коргоо органдарындагы булагына таянуу менен билдирди. Ага ылайык, шектүү жарандын аты Сайфулло Саипов, 29 жашта, АКШга 2010-жылы келген.

Нью-Йоркто кишилерди жүк ташуучу чакан автоунаа менен сүзгөн айдоочуну АКШ президенти Дональд Трамп акылдан тайган неме деп өзүнүн Twitter баракчасына жазды.

Шектүүнү кармоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Балдарды азгырып, Кыргызстанда теракт жасоого келген киши кармалды
​Эске салсак, шейшемби күнү жүк ташуучу чакан автоунаа Манхэттендин көчөсүнөн велосипед тепкендерди жана жөө кишилерди сүзүп, андан сырткары, мектептин автобусун дагы коюп кеткен. Кырсыктын айынан сегиз киши каза болуп, ондон ашыгы түрдүү жаракат алган. АКШ бийлиги бул окуяны теракт деп сыпаттады. Ал эми кишилерди сүзгөн айдоочу полиция кызматкерлери тарабынан атылып, жаракат алган. Учурда ооруканада.

Жергиликтүү полициянын башчысы Жеймс О'Нилдин айтымында, шектүү жаран пейнтболдун тапанчасын алып жүргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0