Египеттеги жер алдындагы күмбөздөн 17 мумия табылды

© REUTERS / MOHAMED ABD EL GHANYЕгипеттик археологдор Минья провинциясынын Туна-эль-Габаль аймагындагы жер алдындагы күмбөздөн 17 мумия табышты
Египеттик археологдор Минья провинциясынын Туна-эль-Габаль аймагындагы жер алдындагы күмбөздөн 17 мумия табышты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мынчалык көп сандагы мумия борбордук Египеттен биринчи жолу табылып жатат.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Египеттик археологдор Минья провинциясынын Туна-эль-Габаль аймагындагы жер алдындагы күмбөздөн 17 мумия табышты. Бул тууралуу окумуштууларга таянып "Аль-Ахрам" басылмасы жазып чыкты.

"Борбордук Египеттен биринчи жолу көп сандагы мумия табылып жатат. Бул көмүлгөндөрдүн саны мындан да көп болушу ыктымал дегенди түшүндүрөт ", — деп жазылат маалыматта.

Египеттин тарыхына ылайык, табылган мумиялар грек-рим мезгилине таандык.

Жаңылыктар түрмөгү
0