БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Египеттик археологдор Минья провинциясынын Туна-эль-Габаль аймагындагы жер алдындагы күмбөздөн 17 мумия табышты. Бул тууралуу окумуштууларга таянып "Аль-Ахрам" басылмасы жазып чыкты.
"Борбордук Египеттен биринчи жолу көп сандагы мумия табылып жатат. Бул көмүлгөндөрдүн саны мындан да көп болушу ыктымал дегенди түшүндүрөт ", — деп жазылат маалыматта.
Египеттин тарыхына ылайык, табылган мумиялар грек-рим мезгилине таандык.