Жер жамынган кызыл ажыдаар жылып келе жаткандай. Испаниядагы лаванын видеосу

Жазылуу
Социалдык тармакта вулкан атылган аймакта лаванын ошол тегеректеги жүздөгөн үйлөрдү "жутуп кеткен" видеосу тарады. Ал көрүнүш Испаниянын Пальма аралында тартылган.

Эль-Пасо муниципалитетине караган аймактагы Кумбре-Вьеха 19-сентябрда атыла баштаган. Буга чейин Испаниянын улуттук географиялык институту сейсмикалык активдүүлүктү байкаган. Бир апта ичинде жер кеминде 25 миң ирет термелген. Акыркы маалыматтар боюнча, жүздөгөн үйлөр лаванын илебине туруштук бере албай, жарактан чыкса, 5000ге чукул жашоочуну коопсуз жайга көчүрүүгө туура келген.

"Эгерде өрт чыкса, жок дегенде таш калат, имаратты кайра калыбына келтирүүгө болот. Ал эми лава жолунан кезиккенди шыпырып жок кылып жүрүп отурат. Үйлөр май сыяктуу эле эрип, капкара болуп күйгөн жер гана калат", — деп айтып берген жергиликтүү тургундардын бири РИА Новостиге.

Маалыматта вулкандын лавасы эми деңизди көздөй ага баштаганы, анын саатына болжол менен 700 метрге жылып жатканы айтылды.

Мурдагы Тенегия вулканы 1971-жылы атылган.

85 миңге чукул адам жашаган бул аралда жанар тоонун атылышынан бир жума мурда жер тез-тез титирей баштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0