Ынтымак бар жерде ырыс бар! Эгемендиктин 30 жылдыгына арналган ролик

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата нарк-насил, каада, тарбия тууралуу кыска видеороликтерди сунуштайт. Өткөндү билбеген эл — атасын тааныбаган баладай!

Азыркы заманда балдарга заманбап нерселерди гана үйрөтө бербестен тарыхты окутуп, кыргыздын каада-салтын көрсөтүп, ата-бабалардын тарбиясын кошо таанытуу керек.

Өлкө башчы Садыр Жапаров салттуу үй-бүлөлүк мамилелерди бекемдеп, нарктуулукту сактап калыш үчүн жаңы Конституцияга мамлекеттик катчы институтун атайын киргизди. Президент алдыда кыргыздын философиялык мектебин, тарыхый жана маданий мурастарынын платформасын түзүү маселеси турганын да белгилеген.

Видео "Кийиз дүйнө" коомдук фонду менен биргеликте тартылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0