23 кишинин өмүрүн алган Мехикодогу көпүрө кырсыгы.  Видео

Жазылуу
Мехикодо метрокөпүрөсү кулап,  23 адам каза тапты. РИА Новостиге кырсыктын видеосу жарыяланды.
Кырсык Мексиканын ири шаарынын түштүк-чыгышында шейшемби күнү эртең менен болгон. Анда жүргүнчү ташыган поезд жүрүп бара жаткан учурда метрокөпүрө кыйраган. Шаар мэри Клаудиа Шейнбаумдун айтымында, кырсыктан көз жумгандардын саны 23кө жетип, 65 киши жабыркаган.
Видеодон талкаланган көпүрөнү жана экиге бөлүнүп ылдый карап калган поездди көрүүгө болот. 
Жаңылыктар түрмөгү
0