Тынчтык орноткон протоколдо эмне камтылган, Ташиевдин Германияга кетиши. Видео

Жазылуу
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жаңжалды токтотуу боюнча тажик тарап менен түзүлгөн протоколдо эмнелер камтылганы туурасында айтып берди. Ал бүгүн Лейлек районунун Максат айылына келип, жашоочулар менен жолукту.
Камчыбек Ташиевдин айтымында, протколдун биринчи пунктунда Кыргызстан менен Тажикстандын бардык тилкелеринде тынчтык орнотуу тууралуу жазылган.
“Тынчтыкты орнотуунун биринчи ыкмасы чек ара тилкелеринен толугу менен оор техникаларды, чек арачыларга тиешелүү эмес курал-жарактарды жана адамдарды алып кетүү болду. Экинчи пунктунда ар бир мамлекет өзүнүн жаңжалга чейинки жерин ээлеп калары жазылды. Кимдир бирөө кирип кеткен болсо тез арада аскер адамдары чыгарып кетет. Үчүнчүдөн, ушул жогорку пунктулардын аткарылышы боюнча комиссия түзүлдү. Жеринде маселелерди териштирип, туура эмес жагдай жаралса мага жана Тажикстандын УКМК төрагасына маалымдашат”, — деди Ташиев.
Ошондой эле ал элдин суроосуна жооп берип жатып, Тажикстан менен чыр чыгары туурасында алдын ала билгенин айтты. Ал эми ушундай кырдаалда Германияга кетип калышы боюнча кыскача жооп берди.
“Кайсы бир деңгээлде чек арада кырдаал курчуп аткандыгы бизге белгилүү болгон, ал боюнча биз тийиштүү чараларды көрүп жатканбыз. Ошонун кайсы бир деңгээлде пайдасы тийди деп ойлойбуз”, — деди УКМК төрагасы.
Тажикстандан зыяндын ордун толтурууну талап кылбай турганын билдирди. Мамлекет өз күчү менен кыска убакыттын ичинде жоготкон мал-мүлкүн өз ордуна коюу планын иштеп чыгарын, аны менен катар күйгөн үйлөрдү тургузуу иштери бир жумада башталып, сентябрга чейин бүтөрүн убадалады.
Ага чейин баш паанеги жок тургундар чатырларда жашап турушат.
Жаңылыктар түрмөгү
0