Эне мышык ооруган балдарын дарыгерлерге өзү алып келген видео

Жазылуу
Медайымдардын биринин айтымында, мышык бир топко чейин мыёолоп, дарыгерлерден жардам сураган. Карай келгенде балдарынын инфекциядан улам көзүн ача албай калганын көрүшкөн.
Адамды таңгалдырып, бир жагынан суктанткан окуя Измирдеги (Түркия) клиникалардын биринде болгонун National Geographic жазды. Госпиталдын кызматкерлери аларга талаалап жүргөн мышык эки мыймыйын кантип көтөрүп келгенин видеого тартып алышкан.
"Эртең менен ноокастарды кабыл ала баштаганда ал балдарын тиштеп көтөрүп келди. Көпкө чейин мыёолоп турду. Эненин мындай аракети бизди абдан таң калтырды. Карасак, мыймыйлардын көзү инфекциядан улам ачылбай калыптыр. Ветеринарлар менен кеңешип, дары тамчылаттык. Мышыктын балдары көзүн ачканын көргөндө өзүбүз да абдан кубандык", — деп айтып берген медайымдардын бири.
Медиктердин айтымына караганда, ал мышыкты мурда деле көрүп, бирок жакында эле тууганына маани беришкен эмес. Алар эне менен балдарын мэриянын ветеринар бөлүмүнө өткөрүшүп, эми жаңы кожоюн караштырып жаткандыктарын кошумчалашкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0