https://sputnik.kg/images/07e5/03/06/1051690129.jpg
https://sputnik.kg/video/20210306/1051690073/dacha-su-alaman-ulaktyn-videosu.html
Бишкектин четиндеги Дача СУ айылында чоң аламан улак оюну болду. Ага болжол менен миңге чукул улакчы катышып, салмагы 70 килограмм болгон торпокту тартышты. Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунан дагы атайын ышкыбоздор келишкен.
Аламан улакты Сейдали Келдиев үч уулуна бата алуу үчүн өткөрдү. Ал өзү да 18 жылдан бери улак тартып келет, белгилүү балбандардын бири.
©
Sputnik / Табылды Кадырбеков
Байгеге эки автоунаа, тирүү карышкыр, алтын кур, беш төө, 10дой тай, торпок, топоз коюлду. Бирок мындай соорундарды утуп алуу оңойго турбайт. Адегенде улакчынын билеги күчтүү, аргымагы күлүк болушу керек.
Улакчылар аттын жалына торпокту тартып алары менен такымдап, зоот атын чаң ызгыта чаап жөнөйт. Эгер жерге түшүп калса топту жарып кирип, жүздөгөн атаандашынын арасынан сууруп чыгышы керек. Эрендер кең талаада жерден эңип, бири-бирине ашырып кызыктуу оюн курушту.