Москвада кыргызстандык бөбөк соода борборунун эскалаторунан кулап кетти. Видео

Жазылуу
Элчи жабырлануучунун жакындары менен жолугуп, дипломатиялык өкүлчүлүк юридикалык жардам көрсөтөрүн айткан.
Москвада кыргызстандык төрт жаштагы бала соода борборунун экинчи кабатынан кулап кеткендигин Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.
Жолго чуркап чыгып, дөңгөлөккө урунган бала. Видеого тартылган кадрлар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.06.2017
Жолго чуркап чыгып, дөңгөлөккө урунган бала. Видеого тартылган кадрлар
5-мартта Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат аталган бөлүмдүн башчысы менен жолукту. Ал кулап кеткен баланы көрүп, нейрохирургиялык бөлүмдүн башчысынан бөбөктүн тезинен сакайып кетиши үчүн бардык чараларды көрүүнү өтүндү.
Мындан тышкары, элчи жабырлануучунун жакын туугандары менен жолугуп, дипломатиялык өкүлчүлүк юридикалык жардам көрсөтөрүн айткан.
Элчиликтин юристтери үй-бүлө менен тыгыз байланышта иш алып барып жатканы, бул маселе өкүлчүлүктүн көзөмөлүндө турганын белгиледи.
Жаңылыктар түрмөгү
0