Чүйдүн жеңиши, Оштун таң калтырган улакчылары. Көк бөрү финалынан видео

Жазылуу
Финалга чыккан Чүй облусунун көк бөрү командасы Ош облусунан келген атаандаштарын караандатпай утуп алды. Оюн мындай өңүттө өтөрүн көпчүлүк күткөн эмес. Андыктан Оштун ири эсептик айырма менен артта калганы таң калычтуу болду.

Улуттук көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөн көк бөрү мелдешинин баш байгесин Чүй облусу алып кетти.

Оюндун биринчи, экинчи бөлүктөрүндө Чүй облусунун командасы артыкчылык көрсөтүп, атаандаштарына улак салдырган жок. Чабуулун токтоосуз улантып, эсепти 7:0гө чыгарды.

Финал турнира по кок-бору в рамках Национальных игр кочевников в Таласской области - Sputnik Кыргызстан
Чүй Оштун улакчыларын караандатпай утуп, чемпион болду. Сүрөттөр
Ош облусу үчүнчү бөлүктө жанданып, алгачкы улакты команда капитаны Байыш Ниязов таштады. Андан кийин атаандаштары кайра чыйралып улакты үстөккө босток ыргытты.

Натыйжада оюн 14:1 эсебинде аяктап, Чуй облусунун командасы Улуттук көчмөндөр оюндарынын көк бөрү боюнча чемпиону аталды.

Чүй облусунун командасы буга чейинки оюндарда финалга чыкпай жеңишти колдон чыгарчу. Оюндун соңуна Чүйдүн улакчысы Рустам Тыналиев бул мелдешке катуу даярдык көрүшкөнүн билдирди.

"Облустун алдыңкы улакчыларынын баарын чогултуп, аттардын да мыктысын тандап алып келгенбиз. Бүгүн ошол чоң даярдыгыбыздын акыбети кайтып жеңишке жеттик", — деди Тыналиев.

Ал эми Ош облусунун командасынын капитаны Байыш Ниязов аттары буга чейин алты оюнга чыгып чарчап калганын белгиледи. "Достук" командасындагы күчтүү аттар президенттин кубогунда жаракат алгандыктан, минип чыгышкан эмес.

Экинчи орунду Ош облусу камсыздап, үчүнчүнү Талас, төртүнчүнү Бишкек шаары ээледи.

Мелдешке өлкөнүн жети дубаны жана Бишкек, Ош шаарлары катышкан.

Көк бөрүнүн жалпы байге фондусу — 800 миң сом.

Ал төмөндөгүдөй бөлүнөт:

  • 1-орунга — 300 миң сом;
  • 2-орунга — 200 миң сом;
  • 3-орунга — 100 миң сом;
  • 4-орунга — 45 миң сом;
  • 5-9-орундарга 30 миң сомдон берилет.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0