Чүй Оштун улакчыларын караандатпай утуп, чемпион болду. Сүрөттөр

© Sputnik / Табылды КадырбековФинал турнира по кок-бору в рамках Национальных игр кочевников в Таласской области
Финал турнира по кок-бору в рамках Национальных игр кочевников в Таласской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оюндун биринчи бөлүгүндө Ош облусунан келген улакчылар бир да улак сала алган жок. Чүй командасы мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, ири эсеп менен утуп алды.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Таластагы Улуттук көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөн көк бөрү мелдешинин финалына чыккан Чүйдүн командасы Оштун улакчыларын 14:1 эсеби менен утуп, чемпион аталды.

Эсеп санын биринчи болуп Чүй облусунун командасы ачып, ошол бойдон артыкчылыкты берген жок. Ош облусу бир да улак сала албай 4:0 эсеби менен бүттү.

© Sputnik / Табылды КадырбековТаластагы Улуттук көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөн көк бөрү мелдешинин финалына чыккан Чүйдүн командасы Оштун улакчыларын 14:1 эсеби менен утуп, чемпион аталды
Таластагы Улуттук көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөн көк бөрү мелдешинин финалына чыккан Чүйдүн командасы Оштун улакчыларын 14:1 эсеби менен утуп, чемпион аталды - Sputnik Кыргызстан
1/3
Таластагы Улуттук көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөн көк бөрү мелдешинин финалына чыккан Чүйдүн командасы Оштун улакчыларын 14:1 эсеби менен утуп, чемпион аталды
© Sputnik / Табылды КадырбековЭсеп санын биринчи болуп Чүй облусунун командасы ачып, ошол бойдон артыкчылыкты берген жок.
Эсеп санын биринчи болуп Чүй облусунун командасы ачып, ошол бойдон артыкчылыкты берген жок. - Sputnik Кыргызстан
2/3
Эсеп санын биринчи болуп Чүй облусунун командасы ачып, ошол бойдон артыкчылыкты берген жок.
© Sputnik / Табылды КадырбековОш облусу бир да улак сала албай 4:0 эсеби менен бүттү.
Ош облусу бир да улак сала албай 4:0 эсеби менен бүттү. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Ош облусу бир да улак сала албай 4:0 эсеби менен бүттү.
1/3
Таластагы Улуттук көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөн көк бөрү мелдешинин финалына чыккан Чүйдүн командасы Оштун улакчыларын 14:1 эсеби менен утуп, чемпион аталды
2/3
Эсеп санын биринчи болуп Чүй облусунун командасы ачып, ошол бойдон артыкчылыкты берген жок.
3/3
Ош облусу бир да улак сала албай 4:0 эсеби менен бүттү.

Оюндун экинчи бөлүгүндө да Оштун улакчылары оюн көрсөтө албады. Ал эми Чүй командасы чабуулун токтоосуз улантып, эсепти 7:0гө чыгарды.

Россиянын Кыргызстандагы элчиси: көк бөрүгө кызыгам, ал күчтүү адамдардын оюну - Sputnik Кыргызстан
Россиянын Кыргызстандагы элчиси: көк бөрүгө кызыгам, ал күчтүү адамдардын оюну
Ош облусу үчүнчү бөлүктө жанданып, алгачкы улакты команда капитаны Байыш Ниязов таштады. Оюн 14:1 эсебинде аяктап, Чуй облусунун командасы Улуттук көчмөндөр оюндарынын көк бөрү боюнча чемпиону аталды.

Экинчи орунду Ош облусу камсыздап, үчүнчүнү Талас, төртүнчүнү Бишкек шаары ээледи.

Көк бөрү мелдешине өлкөнүн жети дубаны жана Бишкек, Ош шаарлары катышты.

Көк бөрүнүн жалпы байге фондусу — 800 миң сом.

Ал төмөндөгүдөй бөлүнөт:

  • 1-орунга — 300 миң сом;
  • 2-орунга — 200 миң сом;
  • 3-орунга — 100 миң сом;
  • 4-орунга — 50 миң сом;
  • 5-9-орундарга 30 миң сомдон берилет.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0