00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Особый акцент
Лук, сабля и конь: оружие, создавшее военную мощь тюрков
14:04
55 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда жарандык авиация кийинки деңгээлге көтөрүлдү — Өлкө “кара тизмеден” качан чыгат?
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Русский язык как живое общение: интерактивные уроки от молодых педагогов
16:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Советтер Союзунун Баатырдыгын албай калган Апыла Жаманбаев
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Воздушный кодекс, «черный список» и борьба с туманом – беседа с главой Агентства гражданской авиации
18:07
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Легендарлуу футболчу Азамат Байматовдун спорттогу жолу — лидерлик, машыктыруучулук, максаттар
19:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Вода, уголь или уран: на что делает ставку КР в борьбе за энергонезависимостью?
20:06
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда жарандык авиация кийинки деңгээлге көтөрүлдү — Өлкө “кара тизмеден” качан чыгат?
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңы министр Исаков Кудайбердиеванын иши боюнча пикирин билдирди. Видео

Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаттары билим берүү жана илим министри кызматына Каныбек Исаковдун талапкерлигин жактырды.

Sputnik Кыргызстандын журналисти жаңы министр жумушун эмнеден баштап, кандай өзгөртүүлөрдү жасай турганына кызыкты. Ошондой эле экс-министр Гүлмира Кудайбердиеванын иши боюнча пикирин сурады.

Жаңы шайланган министр бала бакчалар менен мектептерге өзгөчө басым жасала турганын айтты.

"Эң башкысы, бала бакчанын тарбиячыларына, мектеп мугалимдерине позитив, дух беришибиз керек. Алардын көңүлүн көтөрүп, жаңылануу келе жатканына ишендиребиз. Бул жаатта адистер менен кеңешип, көйгөйлөрдү жоюуга аракет кылабыз. Биринчи кезекте бала бакчалардын жана мектептердин бүгүнкү диагнозун коюшубуз керек", — деди Исаков.

Ал эми билим берүү тармагындагы системаны өзгөртүү үчүн чечкиндүү кадамдарды жасоону убадалады. Ишти алдыга жылдыруу үчүн жаш кадрларды да тартууга белсенип жатканын кошумчалады.

Билим берүү жана илим министрлигине талапкер Каныбек Исаков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңеш билим берүү министри кызматына Каныбек Исаковду жактырды
"Системаны мынча пайызга өзгөртөм деп айтуу кыйын. Мен чечкиндүү аракеттерге барам. Иштин кызыкчылыгы үчүн керектүү кадрлар тартылат, ал эми жакшы иштегендер ордунда калат. Билим берүү системасына өмүрүн арнаган кадрлардын өзөгүн да сактайбыз. Ош мамлекеттик университетинде жаш муундарды каныктырып, тажрыйба берген учурларыбыз көп болду. Эми Бишкекте адистер, кадрлар жетиштүү, региондордон да чакырышыбыз мүмкүн. Эч болбоду дегенде алардын кеп-кеңешин алууга даярмын", — деди жаңы шайланган министр.

Ал эми коомчулуктун сынынан кийин кызматын тапшырган экс-министр Гүлмира Кудайбердиева менен буга чейин жакшы маанайда иштешип келгенин билдирди.

"Ишке киришип жатып эле мурдагы министрди жамандап же кемчилигин айткым келбейт. Эгер кемчиликтер болсо ошону оңдогонго аракет кылайын. Гүлмира Каримовна менен университеттин ректору катары жакшы иштедик. Ал окуу жайдын ушул деңгээлге жетишине шарт түзгөн демилгелерибизди колдоп турду. Эң башкысы, министр тарабынан прогрессивдүү иштерге бут тосулган жок. Ал эми коомчулуктун пикирин туура же туура эмес деп айта албайм. Коомчулукта түрдүү сөз болуп жатса аны туура кабыл алышыбыз керек", — деди Исаков.

Ал ошондой эле мурда министрликке баруу ою болбогонун, бирок билим берүү тармагына өмүрүн арноо ниетинде жүргөнүн айтты.

Ош мамлекеттик университетин сегиз жыл жетектеген Каныбек Исаковду билим берүү жана илим министри кызматына өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев сунуштаган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0