Боорсок менен гүл сунуп... Жээнбеков Кытай лидери Си Цзиньпинди тосуп алды. Видео

Жазылуу
Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин бүгүн, 12-июнда, мамлекеттик визит менен Бишкекке келди.

"Манас" эл аралык аэропортунан Кытай лидерин президент Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.

Салам, аскер! Монгол ажосу Ардак кароол менен кыргызча учурашкан видео - Sputnik Кыргызстан
Салам, аскер! Монгол ажосу Ардак кароол менен кыргызча учурашкан видео
Мамлекеттик визиттин алкагында Кытайдын төрагасы эртең, 13-июнда, мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков менен кеңейтилген курамдагы эки тараптуу жолугушуу өткөрөт. Анын жыйынтыгында эки тараптуу бир катар документтерге кол коюлат.

КЭР төрагасынын мамлекеттик сапарынын алкагында кыргыз-кытай бизнес-форумун өткөрүү күтүлүүдө.
Ошондой эле Си Цзиньпин Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынынын ишине катышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0