21:53 21 Бугу 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.8618
  • RUB1.0823
Видео

Жол инспекторун жарга такаган айдоочу. Токмоктон тартылган видео

Кыскача шилтеме алуу
589620
© видео очевидца, отправленное по WhatsApp-каналу

Колуна камера кармап келе жаткан кишини көргөн инспектор өзүнүн камерасын формасына тага салган.

Токмок шаарында Жол кыймылы коопсуздугун камсыздаган инспектор төшүндөгү камераны алып салган учурлар болот. Бул тууралуу окурман Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирип, укук коргоочу түшүндүрмө берип жаткан видеону WhatsApp-каналы аркылуу жиберди.

Ролик 7-майда саат 08:00дөр чамасында Ленин менен Шамсин көчөлөрүнүн кесилишинде тартылган. Инспектор төшүндөгү кызматтык камерасын унаасынын үстүнө коюп койгону айтылды.

"Бул инспектор көпчүлүк учурда ушул кесилиште турат. Бирок төшүндөгү кызматтык камерасын эреже бузуу менен колдонот. Ал эмнеге минтип жатканын сураш үчүн токтогом. Уюлдук телефонумду алып чыгып тартайын деп жатсам, инспектор камераны төшүнө тага салды", — деди окурман.

Инспектор болсо камерасын унаага койбогонун айтып, камерасы иштебесе да тагып алганын билдирген.

Чүй облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы аталган факты боюнча кызматтык териштирүү башталганын маалымдады.

Тема боюнча

Видеону өчүрүүнү жалбарып суранган автоинспектор кызматтан алынды
Белгилер:
камера, инспектор, Чүй облусу, Токмок

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ