Жарыяланган трейлерде Илияс менен Аселдин алгачкы жолугушуусу, Ысык-Көлдүн жээгиндеги сырдашуусу жана Кадичанын аны кызганып жаткан учуру тартууланган. Ошондой эле Аселдин Байтемирдин үйүнө барып түтүн булатып калган ирмемдери да көрсөтүлөт.
Кинонун Өзбекстандагы бет ачары 16-ноябрь күнү Ташкентте болгон. Ал эми Кыргызстандагы көрүүчүлөргө 6-декабрдан баштап тартуулана баштайт. Премьерасы 5-декабрда Бишкекте өткөрүлөт.
Аталган фильм залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Делбирим" повестинин негизинде экрандаштырылган. Хронометраж 1 саат 40 мүнөт, анын негизги бөлүгү Өзбекстандын Ташкент жана Наманган шаарларында, акыркы эпизоддору Кыргызстандын Балыкчы шаарында, Ысык-Көлдүн жээгинде тартылган.
Тасманы "Өзбеккино" улуттук агенттиги менен Кыргызстандын "Дан" продюсердик борбору биргелешип тартты. Фильм кыргыз жана өзбек тилдеринде көрсөтүлөт.