Bishkek Park курчоого алынып, оңбогондой автотыгын жаралды. Асмандан көрүнүшү

Жазылуу
Бүгүн түш ченде бомба коюлду деген маалыматтан улам, имарат курчоого алынып, Киев көчөсү жабылган.

Экс-вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Инаугурация күнкү бомба тууралуу маалымат. Зилалиевге айып тагылды
Киев көчөсү жабылгандыктан, Чүй проспектисинен Токтогул көчөсүнө чейинки Манас проспектисинде жана Чүй проспектисинин Манастан Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгүндө ири  автотыгын жаралган. Милиция троллейбустарды гана Киев көчөсү менен өткөрүп жатты.

Бүгүн саат 13.29да "102" кызматына Bishkek Park соода борборунун ичинен бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Имарат курчоого алынып, ичиндегилер эвакуацияланган. Эки сааттан кийин маалымат такталбай, курчоо алынган.

Ушу тапта УКМК жалган маалымат берген адамдын ким экенин тактап жатат. Элди атайылап дүрбөлөңгө салган, террорчулук боюнча маалымат үчүн ал киши айыпка жыгылып же үч жылга чейин эркинен ажыратылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0