Баткен: токсонду таяган аксакал 60 жылдан бери бир шайтан араба тээп келет

Жазылуу
Аксакал шайтан арабасын союз убагында россиялык туристтен 20 сомго сатып алган.

Ыктыярчылар чек арадагы фура айдоочуларын өзөк жалгатып жатат. Видео - Sputnik Кыргызстан
Ыктыярчылар чек арадагы фура айдоочуларын өзөк жалгатып жатат. Видео
Баткендик 90 жаштагы Карим Маматов 60 жылдан бери бир шайтан арабаны тээп келет. Эскирген тетиктерин алмаштырып олтуруп, учурда алмаштырылбаган бир гана рулу калган.

Sputnik Кыргызстандын аймактагы кабарчысы аксакал менен жолугуп, шайтан арабасынын тарых-таржымалын сурады.

Маматовдун өмүрүнүн жарымынан көбү ушул шайтан араба үстүндө өтүптүр. Велосипедин союз убагында россиялык туристтен 20 сомго сатып алгандыгын айтат. Базарга, жоро жолдоштору менен жолугушууга, той-мааракелерге шайтан арабасы менен барганды адатка айланткан.

"Велосипедим алысты жакын кылат. Айрым учурларда эл чогулган жерлерге теңтуштарымдан эрте барам. Жөө жүргөндөн көрө велосипед тепкен мага ыңгайлуу. Ден соолукка да пайдалуу, анткени мен 2-топтогу майып болчумун. Азыр ал оорум жок, ушул велосипед тепкендин жардамы болсо керек деп ойлойм", — деди Каримов.

Каарманыбыздын шайтан арабасы анын аздектеген буюму. 60 жылдан бери эскирген тетиктерин жаңысына алмаштырып олтуруп, жаңыланбаган бир гана рулу калган.

2016-жылы Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү карылар күнүнө карата Маматовго акыркы үлгүдөгү велосипед белек кылган. Бирок аксакал эски шайтан арабасына көнүп алгандыктан, башка бир дагы техникага алмаштыра албай койгон.

"1958-жылы бир орус жигиттен көрүп калып, сатып алгам. Башында бир топко тебе албай, жетелеп жүрүп, анан үйрөнүп кеттим. Азыр шайтан арабасыз эч жакка барбайм. Убагында мотоциклге да алмаштырып көргөм. Бирок, көнгөн шайтан арабамды таштай албадым", — деди Карим аксакал.

Китеп, гезитти калтырбай окуп, дыйканчылык кылат

Житель села Терек-Суу Кенжетай Уркунчиев - Sputnik Кыргызстан
Ат-Башыга дарбыз, анделек өстүргөн Үркүнчиев: эми жемиш бактарын көбөйтөм
Маматовдун жашы токсонго таяп калса да өзү курактуу досторуна караганда тың жүрөт. Көзү жакшы көрөт, китеп, гезитти кыйналбай окуйт. Үйдөгү жумуштарына да аралашып турат. 90 сотых жер аянтына жүгөрү, картошка, пияз эгип дыйканчылык кылат. Кошуналары аны "күчтүү чал" деп атап алышкан. Жубайы мындан жыйырма жыл мурда кайтыш болгон. Бир уул, беш кыздын атасы. Учурда он жети небере, жети чеберенин чоң атасы.

Ал Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, тылда эмгек кылган. 1950-51-жылдары, "Сталиндик Жеңиш" гезитинде иштеген. Ал эми калган өмүрүн дыйканчылык менен өткөргөн. Жаш кезинде 2-топтогу майып болгон. Бирок акыркы 30 жылдан бери эч жери оорубай тургандыгын айтат.

Жаңылыктар түрмөгү
0