БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Алматы облусунда жол кыймылына тыюу салынган трассада Range Rover унаасы төөнү сүзүп, оодарылып кетти. Бул жол кырсыгынан беш адам каза болгонун Sputnik Казакстан агенттиги билдирди.
Окуя 18-сентябрдан 19уна караган түнү Алматы облусунун "Батыш Европа — Батыш Кытай" унаа жолунда катталган.
Range Rover унаасын 43 жаштагы аял башкарып бара жаткан. Кырсык болгон жерден айдоочу жана анын үч жүргүнчүсү мүрт кетип, дагы бирөө ооруканадан көз жумган. Унаа коюп кеткен төө дагы өлгөн.
Жол кырсыгы боюнча аймактык поилция иликтөө иштерин баштады.