Матвиенко менен Турсунбеков Ысык-Көлдүн жээгинде бийге түштү

Жазылуу
Ысык-Көлдөгү пансионаттардын биринде "Шериктештиктин балдары" аттуу эл аралык маданий форум өтүүдө

Россиянын Федералдык кеңешинин төрайымы, КМШнын парламенттер аралык төрайымы Валентина Матвиенко Кыргызстанга дүйшөмбү күнү келген. Ал Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков менен биргеликте "Шериктештиктин балдары" эл аралык маданий форумуна катышты.

Иш-чаранын катышуучулары бий флешмобун уюштурганда ага спикерлер да кошулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0