Жол кырсыгы 10-май күнү саат 22.00дө "Кудайберген" базарынын аймагындагы Патрис Лумумба көчөсүндө катталган. 15 жаштагы бала алган жаракатынан улам ооруканадан жан берген.
Учурда шектүү айдоочу кармалганы гана белгилүү. Толук маалымат кийинчерээк берилерин Кайгуул милициясынан белгилешти.
Видеодо бала жолду киши өтө турган жерден өткөнүн көрүүгө болот. Аны ак түстөгү автоунаа коюп кеткенден кийин Subaru Forester үлгүсүндөгү машина тебелеп кеткен. Жол кырсыгына күбө болгондор баланы машинанын алдынан көтөрүп алып чыгышкан.