12:39 19 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7979
  • EUR77.3640
  • RUB1.0576
Темы
ҮНДӨШ ТЕМАЛАР

Министрдин орун басары Зууракан Каденованын окуясы

Эмгек, социалдык өнүгүү министринин орун басары Зууракан Каденова 2018-жылы 22-сентябрда Сеул — Алматы багыты боюнча уча турчу учакта жаңжал салып, самолеттен түшүрүлгөн. Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова министрдин орун басары мас болгонун билдирип, анын айынан каттам эки саатка кармалганын билдирген. Өлкө башчысы да бул окуянын чоо-жайын иликтөөнү тапшырган. Ошол эле күнү кечинде өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Каденованын кызматтан алуу боюнча буйрукка кол койгон.