Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов кезектеги телеэфирлеринин биринде экинчи аял алганын билдирип, муну менен башкаларга үлгү болууну максат кылганын айткан. Аалымдын бул кадамы коомчулукта кызуу талаш-тартышка жем таштады. Бир тарабы мыйзамды аттап өттү десе, экинчи жагы кубаттап чыккан.