https://sputnik.kg/20210805/olimpiada-2020-ayaal-lazarev-aksh-balban-kurosh-1053444014.html
Олимпиада-2020: Айаал Лазарев АКШлык балбанга утулуп калды
Олимпиада-2020: Айаал Лазарев АКШлык балбанга утулуп калды
Sputnik Кыргызстан
Кечээ, 4-августта, эркин күрөш боюнча 125 килограмм салмактагы балбандар таразага түшүп, чүчү кулак кармашты. 05.08.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-08-05T09:22+0600
2021-08-05T09:22+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/07e5/08/05/1053444233_0:0:2940:1663_1920x0_80_0_0_9f3b2a068861d016de640b98f2d05a73.jpg
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/08/05/1053444233_0:0:2940:1849_1920x0_80_0_0_7264541f2c5b196f4233f3fc77a1b872.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
коом, жаңылыктар, кыргызстан, азия, дүйнөдө, спорт, айаал лазарев, олимпиада-2020, 2021-жылы токиодо өтө турган олимпиада оюндары
коом, жаңылыктар, кыргызстан, азия, дүйнөдө, спорт, айаал лазарев, олимпиада-2020, 2021-жылы токиодо өтө турган олимпиада оюндары
Олимпиада-2020: Айаал Лазарев АКШлык балбанга утулуп калды
09:22 05.08.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Кечээ, 4-августта, эркин күрөш боюнча 125 килограмм салмактагы балбандар таразага түшүп, чүчү кулак кармашты.
БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Эркин күрөш боюнча кыргызстандык балбан Айаал Лазарев Олимпиада-2020 мелдешинин баштапкы этабындагы беттешинде жеңилди.
8/1 финалдык баскычта кыргызстандык спортчу АКШлык Гейбл Стивесон менен күрөштү. Атаандашынын активдүү аракеттерине Лазарев туруштук бере албай, беш ирет чабуулун өткөрүп алды.
Беттештин биринчи эле бөлүгүндө эсеп 10:0 менен аяктады. АКШлык спортчу техникалык таза артыкчылык менен жеңишке жетти.
Эми эгер америкалык атлет финалга чыкса, Лазарев коло байге үчүн күрөшүүгө укук алат.
Мелдешти КТРК Спорт каналы түз алып көрсөттү.
Оор салмактагы кыргызстандык балбан быйыл Казакстандын Алматы шаарында өткөн Азиялык лицензиялык мелдеште Олимпиадага жолдомо алган.