09:07 10 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.2820
  • RUB1.0961
Япониянын футбол боюнча курама командасы беттеш алдында Бишкек шаарында биринчи машыгуусун өткөрдү

Бишкек: Япония командасы беттешүү алдында биринчи машыгуусун өткөрдү. Сүрөт

© Фото / пресс-служба ФФКР
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
Кыргызстан — Япония беттеши (31)
186 0 0

Кыргызстан менен Япониянын футболчуларынын оюну 14-ноябрда борбордук стадиондо өтөт. Атаандаштардын командасы Бишкек шаарына дүйшөмбү күнү келди.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Япониянын футбол боюнча курама командасы беттеш алдында Бишкек шаарында биринчи машыгуусун өткөрдү. Бул туурасында КРдин Футбол федерациясынан кабарлашты.

  • Сборная Японии по футболу накануне провела первую тренировку в Бишкеке
    Япониянын футбол боюнча курама командасы беттеш алдында Бишкек шаарында биринчи машыгуусун өткөрдү
    © Фото / пресс-служба ФФКР
  • Сборная Японии по футболу накануне провела первую тренировку в Бишкеке
    Бир сааттык машыгуу "Дордой" спорт комплексинде өттү
    © Фото / пресс-служба ФФКР
  • Сборная Японии по футболу накануне провела первую тренировку в Бишкеке
    Команда Бишкекке кечээ келип түшкөн
    © Фото / пресс-служба ФФКР
  • Сборная Японии по футболу накануне провела первую тренировку в Бишкеке
    "Самурайлар" 2022-жылда боло турган дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында Кыргызстандын курама командасы менен ойнойт.
    © Фото / пресс-служба ФФКР
1 / 4
© Фото / пресс-служба ФФКР
Япониянын футбол боюнча курама командасы беттеш алдында Бишкек шаарында биринчи машыгуусун өткөрдү

Бир сааттык машыгуу "Дордой" спорт комплексинде өттү. Команда Бишкекке кечээ келип түшкөн.

"Самурайлар" 2022-жылда боло турган дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында Кыргызстандын курама командасы менен ойнойт.

Беттеш 14-ноябрда борбор калаанын Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда өтөт. Япония 2022-жылдагы дүйнө чемпионатынын тандоо турунун экинчи этабындагы F группасынын сап башында турат. Ал эми Кыргызстан менен Тажикстан экинчи орунда бара жатат.

Дүйнөлүк рейтингде Күн чыгыш өлкөсүнүн футболчулары 28-орунда, ал эми Кыргызстан 94-орунда турат.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Тема:
Кыргызстан — Япония беттеши (31)

Тема боюнча

Бишкекке бүгүн түндө япониялык футболчулар келип конду. Сүрөт
Кармаш уланат! Бишкекте өтчү футболдук беттештердин проморолиги
Белгилер:
беттешүү, Япония, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ