https://sputnik.kg/20260112/1099104754.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Таиландда кырсыкка учураган кемеде Кыргызстандын эки жараны болгону кабарландыЗеленский Украинада мобилизацияны жана аскердик абалды узартууну сунуштадыЭмгек... 12.01.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-01-12T17:00+0600
2026-01-12T17:00+0600
2026-01-12T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/01/0c/1099104588_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_5db3e58fdc4bf214a16f22879f15520e.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Таиландда кырсыкка учураган кемеде Кыргызстандын эки жараны болгону кабарландыЗеленский Украинада мобилизацияны жана аскердик абалды узартууну сунуштадыЭмгек кодексинин жаңы талабы: 100дөн ашык кесиптин иш убактысы өзгөрөтАлдыда кененирээкМинистрлер кабинети иши өзгөчө мүнөзгө ээ кызматкерлердин категорияларынын тизмегин жана алардын жумуш убактысынын узактыгын бекитүү жөнүндө токтом кабыл алды. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Токтомдун максаты жана милдети Эмгек кодексине ылайык өзгөчө эмгек мүнөзүндөгү жумуштарда иштеген кызматкерлердин айрым категорияларынын жумуш убактысынын узактыгын, эмгек шарттарынын өзгөчөлүктөрүн жана эмгек жүктөмүнүн даражасын эске алуу менен укуктук жөнгө салууну камсыз кылуу. Документ Эмгек кодексинин жаңы редакциясына ылайык иштелип чыкты. Тизмеге ар кандай тармактагы жумушчулардын 100дөн ашуун категориясы киргизилген. Токтомдун аткарылышы эмгек мамилелерин укуктук жөнгө салууну андан ары өркүндөтүүгө, эмгек нормалоонун жана эмгек процесстерин пландаштыруунун натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Таиландда кырсыкка учураган кемеде Кыргызстандын эки жараны болгон. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Анда белгиленгендей, Кыргызстандын Малайзиядагы элчилиги Таиланддагы ардактуу консулу менен биргеликте дароо тиешелүү иштерди уюштуруп, сейилдөөчү катерде болгон кыргызстандыктар менен түз байланыш түздү. Алынган маалыматтарга ылайык, окуянын натыйжасында кыргыз жарандары жабыркаган эмес, алардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда. Алар сунушталган медициналык жардамдан жана ооруканага жаткыруудан баш тартышкан. Кыргызстандын Малайзиядагы элчилиги аталган жарандар менен байланышта болууну улантып, кырдаалды өз көзөмөлүндө кароодо. Алар 15-январга өлкөгө келери айтылды. Белгилей кетсек, буга чейин ЖМКларда Таиланддын Пхукет шаарында сейилдөө катеринин балык уулоочу кеме менен кагылышуусунан 55 адам жабыркагандыгы тууралуу маалыматтар тараган.
Бүгүн Чыңгыз Айтматов проспектисинин Семетей көчөсүнөн А.Масалиев проспектисине чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды. Мэриядан билдиришкендей, аталган тилкеде 4 жөө өтүүчү жер алдынан өтмөк курулган. Ар бир өтмөктүн узундугу 33,5 метрди, туурасы 4 метрди түзөт. Учурда өтмөктөрдүн ичин жасалгалоо жана тепкичтерди куруу иштери уланууда. Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы боюнча курулуш иштери шаар тургундарына ыңгайсыздык жаратпоо жана транспорттук тыгынды азайтуу максатында майрамдык эс алуу күндөрүндө жүргүзүлдү.
Владимир Зеленский Жогорку Радага жалпы мобилизацияны жана Украинадагы аскердик абалды узартуу боюнча сунуш киргизди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Дүйшөмбү күнү Украина парламентинин сайтында 3-февралдан тарта аскердик абалды жана мобилизацияны 90 күнгө узартуу боюнча мыйзам долбоорлору жайгаштырылган. Зеленский 30-октябрда ушундай эле мыйзамдарга кол койгон. Алардын мөөнөтү 3-февралда соңуна чыгат. Эске салсак, 2022-жылдын 24-февралында Украинада аскердик абал киргизилип, эртеси күнү Зеленский жалпы мобилизация жөнүндө жарлыкка кол койгон.
Таиландда кырсыкка учураган кемеде Кыргызстандын эки жараны болгону кабарландыЗеленский Украинада мобилизацияны жана аскердик абалды узартууну сунуштадыЭмгек кодексинин жаңы талабы: 100дөн ашык кесиптин иш убактысы өзгөрөтАлдыда кененирээкМинистрлер кабинети иши өзгөчө мүнөзгө ээ кызматкерлердин категорияларынын тизмегин жана алардын жумуш убактысынын узактыгын бекитүү жөнүндө токтом кабыл алды. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Токтомдун максаты жана милдети Эмгек кодексине ылайык өзгөчө эмгек мүнөзүндөгү жумуштарда иштеген кызматкерлердин айрым категорияларынын жумуш убактысынын узактыгын, эмгек шарттарынын өзгөчөлүктөрүн жана эмгек жүктөмүнүн даражасын эске алуу менен укуктук жөнгө салууну камсыз кылуу. Документ Эмгек кодексинин жаңы редакциясына ылайык иштелип чыкты. Тизмеге ар кандай тармактагы жумушчулардын 100дөн ашуун категориясы киргизилген. Токтомдун аткарылышы эмгек мамилелерин укуктук жөнгө салууну андан ары өркүндөтүүгө, эмгек нормалоонун жана эмгек процесстерин пландаштыруунун натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.Таиландда кырсыкка учураган кемеде Кыргызстандын эки жараны болгон. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Анда белгиленгендей, Кыргызстандын Малайзиядагы элчилиги Таиланддагы ардактуу консулу менен биргеликте дароо тиешелүү иштерди уюштуруп, сейилдөөчү катерде болгон кыргызстандыктар менен түз байланыш түздү. Алынган маалыматтарга ылайык, окуянын натыйжасында кыргыз жарандары жабыркаган эмес, алардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда. Алар сунушталган медициналык жардамдан жана ооруканага жаткыруудан баш тартышкан. Кыргызстандын Малайзиядагы элчилиги аталган жарандар менен байланышта болууну улантып, кырдаалды өз көзөмөлүндө кароодо. Алар 15-январга өлкөгө келери айтылды. Белгилей кетсек, буга чейин ЖМКларда Таиланддын Пхукет шаарында сейилдөө катеринин балык уулоочу кеме менен кагылышуусунан 55 адам жабыркагандыгы тууралуу маалыматтар тараган.Бүгүн Чыңгыз Айтматов проспектисинин Семетей көчөсүнөн А.Масалиев проспектисине чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды. Мэриядан билдиришкендей, аталган тилкеде 4 жөө өтүүчү жер алдынан өтмөк курулган. Ар бир өтмөктүн узундугу 33,5 метрди, туурасы 4 метрди түзөт. Учурда өтмөктөрдүн ичин жасалгалоо жана тепкичтерди куруу иштери уланууда. Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы боюнча курулуш иштери шаар тургундарына ыңгайсыздык жаратпоо жана транспорттук тыгынды азайтуу максатында майрамдык эс алуу күндөрүндө жүргүзүлдү.Владимир Зеленский Жогорку Радага жалпы мобилизацияны жана Украинадагы аскердик абалды узартуу боюнча сунуш киргизди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Дүйшөмбү күнү Украина парламентинин сайтында 3-февралдан тарта аскердик абалды жана мобилизацияны 90 күнгө узартуу боюнча мыйзам долбоорлору жайгаштырылган. Зеленский 30-октябрда ушундай эле мыйзамдарга кол койгон. Алардын мөөнөтү 3-февралда соңуна чыгат. Эске салсак, 2022-жылдын 24-февралында Украинада аскердик абал киргизилип, эртеси күнү Зеленский жалпы мобилизация жөнүндө жарлыкка кол койгон.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/01/0c/1099104588_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_c14d8835da109d91de7fbdd0981e97be.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио