Семетей Султанов АФКнын вице-президенттигине талапкер болду

© Фото / пресс-служба ФФКРКыргызстандын футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов. Архив
Кыргызстандын футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган кызматка талапкер болгондордун саны 15ке жетет.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Кыргызстандын футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов Азия футбол конфедерациясынын (АФК) вице-президенттигине талапкер болгондордун ичинде. Бул тууралуу конфедерациянын сайтына жарыяланды.

Талапкерлердин саны 15ке жетет. Эми алар коюлган талаптарга ылайык текшерүүдөн өтүшү керек.

Арыздарды кабыл алуу 6-декабрда аяктап, шайлоо кийинки жылы 6-апрелде өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0