Манас Ниязов кайрадан "Достукта". Көк бөрүнүн алп командалары курамын өзгөрттү

© Sputnik / Табылды КадырбековФинальные соревнования по кок бору ко дню Нооруза на ипподроме в Бишкеке
Финальные соревнования по кок бору ко дню Нооруза на ипподроме в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кайрадан эле "Ынтымак" менен "Достук" баш байге үчүн күч сынашмай болду. Бирок Оштун командасы курамын өзгөрткөн.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Бүгүн Чолпон-Атадагы ат майданда Жеңиш күнүнө карата көк бөрү боюнча республикалык мелдеш башталды. Мында командалар лига болуп эки топко бөлүнгөн. Жогорку лигада Оштун "Достук", Таластын "Ынтымак", Чүйдүн "Биримдик" жана "Четинди" командалары күч сынашат. Ал эми биринчи лигада "Аафият", "Сары-Өзөн", "Жаш-Күч", "Жаш-Тилек", "Толкун" жана "Көк-Жал" тайпалары ойнойт.

Биринчи күндүн жыйынтыгы төмөндөгүдөй болду:

"Достук" — "Четинди" 15:3;

"Ынтымак" — "Биримдик" 5:3;

"Сары-Өзөн" — "Көк-Жал" 4:2;

"Толкун" — "Жаш-Тилек" 10:3;

Ынтымак командасынын оюнчусу Урмат Раушан уулу Ахиллес аттуу аргымагы менен - Sputnik Кыргызстан
Урмат Раушан уулу: көк бөрүдө "Ахиллес" менен тиреше алчу аргымак жок
Натыйжада "Достук" менен "Ынтымак" командалары кайрадан финалда ойной турганы белгилүү болду. Бул оюнда алдыңкы командалардын курамында өзгөрүүлөр болгону байкалды. Айрымдарына жаңы оюнчулар кошулса, кээ бирлери мыкты аттарды минип чыгышты.

Өткөн жумада Байыш, Манас, Кыяз Ниязовдор "Достук" командасынын чыгарылганы айтылган. Деген менен бүгүн Манас Ниязов өзүнүн "Бойкасы" менен оюн талаасына чыкты. Тайпанын жетекчиси Мыктыбек Туташов Байыш менен Кыяз дагы кийинки оюндарда кошула турганын билдирди.

"Азыр Байыштын ордуна команданын капитаны болуп Таши Майлыбашев дайындалды. Манас Ниязов болсо бизде эле ойноп жатат. Мында жаңы оюнчулардан Талас облусунан келген Майрамбек Рыспеков, Өзгөндөн Жоодар Жолчу уулу кошулду. Мындан сырткары, Ноокат районунан "Титан" деген бир аргымак алдык. Даярдыгыбыз жакшы, мунусунда утабыз буюрса", — деди Туташев.

Белгилей кетсек, Майрамбек Рыспеков буга чейин Таластын "Мурас", кийин жаңы ат менен чыккан "Бакубат Талас" командасында ойночу. Бишкектин 140 жылдыгына арналган көк бөрү мелдешинде "Мыкты оюнчу" наамын утуп алган. Ал эми Жоодар Жолчу уулу аламан улакта торпок тартып жүргөн балбандардын бири. Көк бөрүгө биринчи жолу чыгып жатат.

Кайдыгер калтырбаган ирмемдер! Шаар күнүнө арналган көк бөрү мелдешинин видеосу - Sputnik Кыргызстан
Кайдыгер калтырбаган ирмемдер! Шаар күнүнө арналган көк бөрү мелдешинин видеосу
"Достуктун" негизги атаандашы болуп саналган "Ынтымак" командасынын курамы анчейин өзгөргөн эмес. Жетекчиси Талас Бегалиевдин айтымында, "Атаман" деген жаңы аргымакты оюнга алып чыгышууда. Ал Ысык-Көлдүн тулпары, былтыркы сезондо "Достук" командасы чапкан. Оюнчулары мурунку эле улакчылар.

Ал эми Нооруздагы турнирде коло байгени багындырган "Биримдик Аю" командасы ыдырап жатканы туурасында маалымат тараган. Бирок команданын жетекчилиги буга расмий жооп берген эмес. Натыйжада ошол эле оюнчулар "Биримдик" деген ат менен чыгышты. Команданын капитаны Улан Насакеевдин айтымында, мында эки көк бөрүчү жана үч аргымак жаңыдан оюн талаасына чыгат.

"Бизге буга чейин "Бөрүлү", "Сары-Өзөн" командаларында ойногон Нурадил Борбиев менен өзүбүздүн командада жүргөн Эржан Тургунбаев кошулду. Мындан сырткары, жаңы үч аргымак алдык. "Жиган" биздин запастагы ат болчу, ал эми "Лазерди" Сокулуктан, "Бурананы" Токмоктон алдык", — деди Насакеев.

Көк бөрүнүн финалдык оюндары 9-май күнү болмокчу. Ал эми Нооруз майрамындагы мелдеште баш байгени "Ынтымак" командасы утуп кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0