Тайбоксчу Жаныбек Бейшебек уулу эми эрежесиз урушта күчүн сынайт. FFC тизмеси

© Фото / Facebook/ MX MUAY XTREMEМеждународный турнир MX Muay Xtreme по тайскому боксу в Таиланде
Международный турнир MX Muay Xtreme по тайскому боксу в Таиланде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аралаш мушташ боюнча мелдеш борбор калаадагы Кожомкул атындагы спорт сарайында 11-мартта өтөт

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Бишкекте ММА боюнча FFC (Falсo Fighting Championship — ред.) эл аралык турниринде кимдер ат салыша тургандыгы белгилүү болду.

Аралаш мушташ боюнча мелдеш борбор калаадагы Кожомкул атындагы спорт сарайында 11-мартта өтөт.

Тайбоксер из Кыргызстана Жаныбек Бейшебек уулу - Sputnik Кыргызстан
Таиланддагы чемпион Жаныбек Бейшебек уулу: жараат айыга электе эле беттешке чыгабыз
Уюштуруучулардын айтымында, жалпысынан 15 беттеш каралган. Чемпиондук кур үчүн кыргызстандык "Жаш күч" спорт клубунун тарбиялануучусу Бактияр Тойчубаев менен өзбекстандык мушкер Отабек Хамзалиев күч сынашат.

Кеченин башкы беттешинде тайбоксчу Жаныбек Бейшебек уулу казакстандык Анатолий Золотых менен кез келет. Бейшебек уулу тай бокс боюнча жарым профессионалдар арасында дүйнөнүн эки жолку чемпиону, профессионалдар арасында Евразиянын чемпиону. Аталган беттеште алгачкы жолу эрежесиз уруш боюнча күчүн сынайт.

Кеченин дагы бир беттешинде "Тайсон" каймана аты менен таанымал кыргызстандык мушкер Канат Келдибеков өзбекстандык Умиджон Рахимов менен таймашат. Келдибеков профессионалдар арасында ММА боюнча сегиз беттешти уткан.

FFC турнирине Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Россиянын эрежесиз уруш боюнча мушкерлери ат салышмакчы.

FFC турниринде күч сынаша турчу мушкерлердин тизмеси:

77 килограммга чейин

Чыңгыз Чегиров (Кыргызстан) — Азам Ермаматов (Өзбекстан);

66 килограммга чейин

Темирлан Султаналиев (Кыргызстан) — Иброхим Бахромов (Өзбекстан);

77 килограммга чейин

Самат Нурмаматов (Кыргызстан) — Мелисбек Абдырахманов (Кыргызстан);

71 килограммга чейин

Расул Мансуров (Кыргызстан) — Умиджон Сагдулаев (Өзбекстан);

77 килограммга чейин

Дархан Эргешов (Кыргызстан) — Полотбек Уулу Айбек (Кыргызстан);

84 килограммга чейин

Бахтияр Үмүталиев (Кыргызстан) — Холматов Шахзод (Өзбекстан);

65 килограммга чейин

Алимардан Абдыкадыров (Кыргызста) — Эмомали Холбойи (Тажикстан);

80 килограммга чейин

Кудайберди уулу Олжобай (Кыргызстан) — Денис Аклёвков (Россия);

77 килограммга чейин

Белек Абдыжапаров (Кыргызстан) — Жахонгир Ёргулов (Өзбекстан);

77 килограммга чейин

Азамат Сатыбалдиев (Кыргызстан) — Бактиёр Турсунов (Тажикстан);

61 килограммга чейин

Манас Таштанбеков (Кыргызстан) — Думанулы Алтынбек (Казакстан);

61 килограммга чейин

Маматемин Уулу Адилет (Кыргызстан) — Руслан Шонов (Казакстан);

66 килограммга чейин

Канат Келдибеков (Кыргызстан) — Умиджон Рахимов (Өзбекстан);

67 килограммга чейин

Бейшебек Уулу Жаныбек (Кыргызстан) — Анатолий Золотых (Казакстан);

63 килограммга чейин

Бахтияр Тойчубаев (Кыргызстан) — Отабек Хамзалиев (Өзбекстан).

Биз буга чейин өлкөдөгү белгилүү ММА мушкерлерин тизмектегенбиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0