Дизайнер Аманбеков: "депутаттын баласымын" деп апамдын атын колдонбойм

© Фото / Айдар АсангазиевWEF, JFC жана башка спорттук мелдештерде чемпиондорго тагылган курлардын дизайнери Кубаныч Аманбеков
WEF, JFC жана башка спорттук мелдештерде чемпиондорго тагылган курлардын дизайнери Кубаныч Аманбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда өткөн WEF, JFC жана башка спорттук мелдештерде чемпиондорго тагылган курларды көрүп эле жүрсөңүз керек. Дал ушул эмгек жаш дизайнер Кубаныч Аманбековдун колунан чыгат.

Бул жигит жаштайынан спорт менен машыккандыктан, достору да ошол чөйрөдөн. Андыктан Кубанычты көбү спортчу деп ойлойт.

Колунан көөрү төгүлгөн дизайнер Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине маек курду.

— 2012-жылы Бишкекте ММА боюнча Евразия чемпионаты өтүп, анда жеңүүчүлөр сиздин колуңуздан жасалган курларды тагынышыптыр. Ошондон кийин бул ишти колго алдым деп айтканыңыз бар экен. ММА популярдуу спорт түрү эмеспи. Андыктан сиздин ишмердүүлүгүздүн өрүш алышына спорттун салымы болсо керек?

Кыргызстандык ММА мушкери Немат Абдрашитов. Архив - Sputnik Кыргызстан
ММА мушкери Немат: апам мени беттештерде аяйт окшойт, бирок билдирбейт
— Спорттун пайдасынан башка кесепети жок. 2012-жылы Кыргызстанда Эмил Токтогонов жетектеген Вале-тудо федерациясы бар болчу. Агай бир канча республикалык, эл аралык чемпионаттарды өткөрчү. Бир күнү "менде чемпиондук кур бар, ошону көрүп жасабайсыңарбы" деп сунуш берген. Ал кезде тажрыйба деле жок. Анан курдун үлгүсүн карап, окшоштуруп жасап бергенбиз. Андан бери бир топ спорттук уюмдар менен иштешип келебиз.

— Маектердин биринде "кур жасап калам деген ой болгон эмес" деп айтыптырсыз?

— Ооба, дизайнер болом деп ойлогон эмесмин. Мурда спорчу болууну кыялданчумун. Бирок Кудайдын буйругу менен спорт тармагындагы адамдар менен иштешип калдым.

© Sputnik / Жоомарт УраимовКелечектеги башкы максатымдын бири — спорттук уюмдарга, спортчуларга өнөктөш катары колдоо көрсөтүү
Дизайнер чемпионских поясов Кубаныч Аманбеков - Sputnik Кыргызстан
Келечектеги башкы максатымдын бири — спорттук уюмдарга, спортчуларга өнөктөш катары колдоо көрсөтүү

— Кур жасоо кантип ишке ашат?

— Алгач буйрутма берип чалышат. Биздин дизайнерлик компаниянын аты "Аят" болгондуктан, казактар менин атымды дагы Аят деп ойлошот. Алгач турнир жана мушкерлер тууралуу маалымат берип, курга түшүрүлө турчу сөздөрдү жиберишет. Суммасын чечишебиз, анан алар мага которушат. Курга керектелчү материалдарга, аны жасаган аппаратка көп акча кетет. Биз төрт киши иштейбиз, ортодо жардам бергендер да бар. Кур даяр болгондо студияга барып фотосессия жасап, эстеликке сактап коёбуз.

Биздин чемпиондук курларды WEF уюмунун турниринде кыргызстандык Актилек Жумабек уулу, Самат Эмилбеков, Алтынбек Мамашев, Бусурманкул Абдубаит уулу, өзбекстандык Нурсултан Рузибоев, Мурод Хантураев, Россиядан Зелимхан Умиев, Константин Андрейцев, Мухаммед Али, JFC турниринде Замир Сыргабаев, Тилек Батыров, Данияр Бабакулов жана башкалар тагынды.

© Фото / Айдар Асангазиев2012-жылы Кыргызстанда Эмил Токтогонов жетектеген Вале-тудо федерациясы бар болчу. Бир күнү "менде чемпиондук кур бар, ошону көрүп жасабайсыңарбы" деп сунуш берген
Чемпионский пояс WEF, изготовленный дизайнером Кубанычом Аманбековым - Sputnik Кыргызстан
2012-жылы Кыргызстанда Эмил Токтогонов жетектеген Вале-тудо федерациясы бар болчу. Бир күнү "менде чемпиондук кур бар, ошону көрүп жасабайсыңарбы" деп сунуш берген

— Курдан сырткары эмнелерди жасайсыздар?

— Азыркы учурда улуттук кол өнөрчүлүк менен булгары, темир жана спорт жаатында статуэткаларды, кубокторду, чемпиондук курларды жасап келем. Спорттук түрдүү буюмдардан тышкары баалуу белектерди, айымдарга тиешелүү сөйкө, шакек, мүйүздөн жаа жана булгарыдан ар түрдүү нерселерди жасайбыз. 2012-жылы "Аят чебер" компаниясын ачкам. Эки жылдан бери Top.sport сайтынын жылдын мыктыларын аныктаган "Sport Awards" долбоору менен иштешебиз. Былтыр өнөктөш болсок, быйыл башкы техникалык өнөктөшү болдум. Башкача айтканда, статуэткаларды колдоо катары жасап берем. Быйыл спортчуларды сыйлоо аземин Улуттук олимпиада комитети менен Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги да колдоого алып жатат.

© Фото / Айдар АсангазиевНегизи курдун стандарттуу өлчөмү болот. Болжол менен 120-130 сантиметрге чейин. Өтө узун болсо белге арчындалып арзан көрүнүп калат
Дизайнер чемпионских поясов Кубаныч Аманбеков - Sputnik Кыргызстан
Негизи курдун стандарттуу өлчөмү болот. Болжол менен 120-130 сантиметрге чейин. Өтө узун болсо белге арчындалып арзан көрүнүп калат

— Кур жасоодо тажрыйбаны кантип топтойсуз?

— Өзүм жаштайыман спортто жүрүп, досторум дагы ошол чөйрөдөн. Кээде алардын утуп келген медаль, кубок, чемпиондук курларын карайм. Жакшысы болсо үйрөнүп алайын дейсиң, начар болсо ичимден "ушул спортчуга ушул татыктуу беле" дейм. Достор менен жалпы отуруп деле талкуулайбыз.

— Демек, спортчулардын бекитилген чемпиондук наамынан сырткары, тагынган куру дагы мыкты сапатта болушу керек?

— Бардыгы акчага барып такалат. Кайсы гана спорттук уюм болбосун, тыйынына жараша куру жасалат. Бирок мен арзан жасап бер дегендерге дагы кош көңүл мамиле кылбайм. Көрктүү, сапаттуу кылганга аракет кылабыз. Маселен чемпиондук беттешке жетүү деле оңой эмес да. Кур дагы ошол деңгээлге татыктуу болушу керек. Бул жумуш менен нан таап жаткандан кийин ишибизди кылдаттык жана берилүү менен жасайбыз.

© Фото / Айдар АсангазиевКазакстандык Alash Pride, Кыргызстандык JFC, WEF спорттук уюмунун турнирлеринде чемпиондук кур жасап жүрөбүз
Чемпионский спортивный пояс, изготовленный дизайнером Кубанычом Аманбековым - Sputnik Кыргызстан
Казакстандык Alash Pride, Кыргызстандык JFC, WEF спорттук уюмунун турнирлеринде чемпиондук кур жасап жүрөбүз

— Эң кымбат баада жасаган куруңуз кайсы болду?

Церемония открытия зимних Азиатских игр в Саппоро - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз спорту бул жылы эмнеси менен эсте калды
— Казакстандык Alash Pride, Кыргызстандык JFC, WEF спорттук уюмунун турнирлерине жасап жүрөбүз. Курлар кымбат жана арзан деп бөлүнөт. Айырмасы металлдын калыңдыгынан. Арзан курлар чакан турнирлерге арналып, 3 миллиметр калыңдыкта болот. Кымбат курлар 5 миллиметр өлчөмдөн эки-үч катталып 3D форматында болот. Абдан чоң эмгек кетет. 3-4 кишинин башы биригип, бир жумада араң бүтөт. Курлардын баасын мүмкүн болсо айтпай элек коёюн.

— Ишиңизге сын айткандар да болобу?

— Көбү жакшы пикирде. Бул кол эмгек болгондуктан жактыруу менен эле кабыл алышат.

— Бишкекте өткөн JFC MMA-2017 турниринде куруңуз эмнегедир чемпиондук наамды уткан мушкер Юрий Проценкого тар келгендей болуп калды. Курларды жасаганда көлөмүнө карайсыңарбы?

— Негизи курдун стандарттуу өлчөмү болот. Болжол менен 120-130 сантиметрге чейин. Өтө узун болсо белге арчындалып арзан көрүнүп калат. Ошол эле курду чемпиондук наамга ат салышкан Мыктыбек Мамасалиев тагынса башкача жарашмак. Проценконун курсагы чоң болгондуктан тар сыяктуу көрүнүп калды.

© Фото / Айдар Асангазиев2015-жылы WEF турниринде чеченстандык мушкер Зелимхан Умиев чемпиондук курду утуп алган. Ошондо курун Кадыровго белекке бериптир
Дизайнер чемпионских поясов Кубаныч Аманбеков - Sputnik Кыргызстан
2015-жылы WEF турниринде чеченстандык мушкер Зелимхан Умиев чемпиондук курду утуп алган. Ошондо курун Кадыровго белекке бериптир

— Сиздин кур кантип Рамзан Кадыровдун белине тагылып калган?

— 2015-жылы WEF турниринде чеченстандык мушкер Зелимхан Умиев чемпиондук курду утуп алган. Ошондо курун Кадыровго белекке бериптир. Чеченстандын президенти жакында дагы бир кур тагынды, бирок аны мен жасаган эмесмин.

— Чынын айтсам мен сизди мурда спортчу болсо керек деп ойлогом?

— Ооба, көпчүлүк ошентип ойлойт. Машыгуу залына ден соолук үчүн эле барып турам. Бирок профессионалдуу спортчу болоюн деген оюм жок.

— ЖКнын депутаты Жылдыз Мусабекованын уулу экениңизди уккан жайым бар. Апаңыздын аты ишмердүүлүгүңүзгө таасирин тийгизеби?

— Апам мага кеп-кеңешин айтып, моралдык-психологиялык жактан колдойт. Ал адам жок мен кантип ийгилик жаратмак элем. Бирок анын атын колдонуп, иш бүтүрбөйм. "Бул депуттаттын баласы да" деп өйдө-төмөн сөз кылгандар бар. Мен көңүл деле бурбайм.

— Эл көзүндөгү адамдарга ар кандай сындар айтылат эмеспи. Апаңызга карата айтылган терс пикирлерди кандай кабыл аласыз?

— Эл оозунда элек жок. Ушак кепти тараткандар көрө албас, ичи тар адамдар. Сөз кылып жатышса, демек апам иштеп жатат. Эч нерсе кылбай жүрсө эч ким унчукмак эмес. Мурда жаман сөз уксам капалана берчүмүн, азыр көнүм калгам.

© Фото / Айдар АсангазиевАзыр өзүмдүн "Баатыр" аталышындагы машыгуу залым бар. Келечекте аны спортук клубка, андан ары турнир өткөргөн уюмга айланткым келет
Дизайнер чемпионских поясов Кубаныч Аманбеков - Sputnik Кыргызстан
Азыр өзүмдүн "Баатыр" аталышындагы машыгуу залым бар. Келечекте аны спортук клубка, андан ары турнир өткөргөн уюмга айланткым келет

— Канча бир туугансыз, атаңыз тууралуу да айта кетсеңиз?

— Атам жөнөкөй киши, кесиби — экономист. Китеп көп окуйт. География, адабият, тарыхты абдан жакшы билет. Улуу эжем турмуш жолунда, менден кийинки үч карындашым мектепте жана университетте билим алышат.

— Келечекте кандай ой-максат, пландарыңыз бар?

— Азыр өзүмдүн "Баатыр" аталышындагы машыгуу залым бар. Келечекте аны спорттук клубка, андан ары турнир өткөргөн уюмга айланткым келет. Буга чейин көбүнчө чемпиондук кур жасап келсем, эми медаль жасоого бел байладым. Келечектеги башкы максатымдын бири — спорттук уюмдарга, спортчуларга өнөктөш катары колдоо көрсөтүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0