Кыргызстандык футболчулар Индонезияда төрт команда менен күч сынашат

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүФутбол. РФПЛ. Матч "Урал" - ЦСКА
Футбол. РФПЛ. Матч Урал - ЦСКА - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдешке Монголия, Бруней, Кыргызстан жана Индонезиянын командасы катышат

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча олимпиадалык курама командасы Индонезиядагы турнирге катышат. Бул тууралуу өлкөнүн Футбол федерациясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, "Tsunami Cup-2017" аталышындагы мелдеш 29-ноябрдан 8-декабрга чейин өтөт. Ага Монголия, Бруней, Кыргызстан жана Индонезиянын командалары катышат. Оюндар 2018-жылы Индонезияда өтө турган Азия оюндарына даярдык катары өткөрүлөт.

Учурда ата мекендик футболчулардын курамы бекитилип, машыгуулары башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0