Валентина Шевченко UFC рейтингинде биринчиликти сактап калды

© Фото / Анастасия МарченкоТайбоксер из Кыргызстана Валентина Шевченко
Тайбоксер из Кыргызстана Валентина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Абсолюттук чемпион катары бразилиялык мушкер Аманда Нуньес эсептелип келет

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко UFC (Ultimate Fighting Championship) дүйнөлүк рейтингинин жаңыланган версиясында биринчиликти сактап калды. Бул тууралуу маалымат уюмдун расмий сайтына жарыяланды.

Жаңы рейтинг 10-сентябрда Канадада өткөн UFC 215 турниринин жыйынтыктарынын негизинде чыгарылган.

Муай-тай боюнча кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык "Нео" Лондондо рингге чыгат
Ага ылайык, Шевченко биринчиде турса, абсолюттук чемпион катары бразилиялык мушкер Аманда Нуньес эсептелип келет (рейтингден сырткары). Экинчи орунга америкалык Ракель Пеннингтон көтөрүлдү, ал буга чейин бешинчи сапта турган. Ал эми үчүнчүдө Холли Холм болсо, төртүнчү орунга Джулианна Пенья илинди. Бешинчиде Ронда Роуз турат.

Өткөн дем алыш күндөрү Валентина Шевченко Канадада UFC 215 турниринин алкагында жеңил салмактагы Аманда Нуньес менен беттешкен. Беш раунддун жыйынтыгы менен мекендешибиз каршылашына бир упайга жеңилип калган (47-48).

Ultimate Fighting Championship — спорттук мушташтын аралаш түрү боюнча беттешүүлөрдү өткөргөн кадыр-барктуу уюм. Башкы кеңсеси Лас-Вегас шаарында жайгашкан. Учурда ар бир жеке кармашка чыккан спортчунун аруу тилеги дал ушул уюмда кыл чайнашуу.

Дүйнөнү дүңгүрөткөн Валентина Шевченко тууралуу 10 фактыны Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0