02:37 20 Аяк оона 2017
Түз эфир
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы. Архив

Кыргызстандын курама командасы FIFA рейтингинде алты сапка көтөрүлдү

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
122 0 0

Кыргызстандыктар август айында расмий беттештерди өткөргөн эмес

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Кыргызстандын курама командасы Эл аралык футбол федерациясынын (FIFA) рейтингинде алты сапка алдыга көтөрүлүп, 122-орунду ээледи.

Август айындагы рейтингде Кыргызстан 128-орунда турган. Улуттук команда өткөн айда бир дагы расмий оюндарга катышкан эмес.

Мьянма курама командасы 152-орунду камсыздады. Алар 5-сентябрда Бишкекте Кыргызстан менен беттешмек, бирок коопсуздук маселелеринен улам оюн өтпөй калган.

Өткөн айдын эң мыкты командасы деп 47 тепкичке алдыга көтөрүлүп, 67-орунду ээлеген Кабо-Верде таанылса, эң начар деп Гватемала аталды (31 позицияга артка кетип, 131-орунда).

Ал эми Германия Бразилияны артта калтырып, биринчи орунга көтөрүлдү. Үчүнчүдө Португалия курама командасы келе жатат.

Россиянын футболчулары болсо өз позициясын жоготуу менен антирекорд коюп, 64-орунду ээледи. Аталган команда биринчи ирет төмөнкү орунга түштү.

Тема боюнча

Футбол: Кыргызстан менен Мьянма беттешинин өтпөй турган себеби айтылды
Көчө футболу боюнча дүйнө биринчилигине кыргызстандык кыздар жөнөп кетишти
Белгилер:
рейтинг, Футбол, FIFA, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ