Борбор калаада футбол боюнча Азия чемпионатынын тандоо оюндары болот

© Sputnik / Табылды КадырбековТоварищеский матч между сборными Кыргызстана и Туркменистана по футболу
Товарищеский матч между сборными Кыргызстана и Туркменистана по футболу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иран, Оман жана Кыргызстандын улуттук курама командаларынын оюндары Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болот.

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Бишкекте футбол боюнча Азия чемпионатынын тандоо оюндары өтөт. Бул тууралуу өлкөнүн Футбол федерациясы билдирди.

Товарищеский матч между сборными Кыргызстана и Казахстана по футболу на стадионе имени Долона Омурзакова - Sputnik Кыргызстан
FIFA рейтинги: Кыргызстан алдыга жылды, Германия сап башында
Маалыматка ылайык, 19-июлдан 23-июлга чейин Бишкекте Иран, Оман жана Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командалары беттешет. Үч команда 2018-жылы Кытайда өтө турган Азия биринчилигинин финалдык бөлүгүнө жолдомо алуу үчүн күч сынашат.

Биринчи беттеш 19-июль күнү саат 19.00дө Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болот. Анда оюн талаасында Иран менен Кыргызстандын командалары кездешет.

Ал эми кийинки беттештер 21-23-июлга пландалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0