БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Бишкекте футбол боюнча Азия чемпионатынын тандоо оюндары өтөт. Бул тууралуу өлкөнүн Футбол федерациясы билдирди.
Маалыматка ылайык, 19-июлдан 23-июлга чейин Бишкекте Иран, Оман жана Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командалары беттешет. Үч команда 2018-жылы Кытайда өтө турган Азия биринчилигинин финалдык бөлүгүнө жолдомо алуу үчүн күч сынашат.
Биринчи беттеш 19-июль күнү саат 19.00дө Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болот. Анда оюн талаасында Иран менен Кыргызстандын командалары кездешет.
Ал эми кийинки беттештер 21-23-июлга пландалган.