Өкмөт спортчуларды сыйлады. Айсулуу алкышын айтып, жоопкерчилигин моюндады

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевНаграждение отечественных спортсменов, отличившихся на международных соревнованиях правительственными наградами
Награждение отечественных спортсменов, отличившихся на международных соревнованиях правительственными наградами - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков спортчуларга Ардак грамота, алкыш баракчаларын берип, энчилүү саат такты.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кечээ, 16-июнда эл аралык мелдештерде ийгиликке жеткен ата мекендик спортчуларды өкмөттүк сыйлыктар менен сыйлады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жээнбековдун айтымында, өткөн жылы ата мекендик спортчулар 528 медалга ээ болгон. Анын ичинен 127и алтын, 158и күмүш жана 243ү коло медалдар.

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевАялдар күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу, Кыргыз Республикасынын аялдар күрөшү боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Изабеков Нурбек
Аялдар күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу, Кыргыз Республикасынын аялдар күрөшү боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Изабеков Нурбек - Sputnik Кыргызстан
1/4
Аялдар күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу, Кыргыз Республикасынын аялдар күрөшү боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Изабеков Нурбек
© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевАзиянын эки жолку күмүш медалынын ээси жана Ислам оюндарынын жеңүүүсү Краковецкий Юрий
Азиянын эки жолку күмүш медалынын ээси жана Ислам оюндарынын жеңүүүсү Краковецкий Юрий - Sputnik Кыргызстан
2/4
Азиянын эки жолку күмүш медалынын ээси жана Ислам оюндарынын жеңүүүсү Краковецкий Юрий
© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевВолейбол боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери, 2017-жылкы волейбол боюнча зоналдык Борбор Азиянын чемпиону Мирлан кызы Мадина
Волейбол боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери, 2017-жылкы волейбол боюнча зоналдык Борбор Азиянын чемпиону Мирлан кызы Мадина - Sputnik Кыргызстан
3/4
Волейбол боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери, 2017-жылкы волейбол боюнча зоналдык Борбор Азиянын чемпиону Мирлан кызы Мадина
© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевАялдар күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык даражадагы спорт чебери, Азянын эки жолку чемпиону жана Ислам оюдарынын жеңүүчүсү Тыныбекова Айсулуунун грамотасы
Аялдар күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык даражадагы спорт чебери, Азянын эки жолку чемпиону жана Ислам оюдарынын жеңүүчүсү Тыныбекова Айсулуунун грамотасы - Sputnik Кыргызстан
4/4
Аялдар күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык даражадагы спорт чебери, Азянын эки жолку чемпиону жана Ислам оюдарынын жеңүүчүсү Тыныбекова Айсулуунун грамотасы
1/4
Аялдар күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу, Кыргыз Республикасынын аялдар күрөшү боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Изабеков Нурбек
2/4
Азиянын эки жолку күмүш медалынын ээси жана Ислам оюндарынын жеңүүүсү Краковецкий Юрий
3/4
Волейбол боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери, 2017-жылкы волейбол боюнча зоналдык Борбор Азиянын чемпиону Мирлан кызы Мадина
4/4
Аялдар күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык даражадагы спорт чебери, Азянын эки жолку чемпиону жана Ислам оюдарынын жеңүүчүсү Тыныбекова Айсулуунун грамотасы

"Акыркы жылдары өлкө жетекчилиги тарабынан спортту өнүктүрүү, спортчуларыбызга дем берүү боюнча интенсивдүү иштерди жүргүзүп жатат. Республиканын бардык аймактарында ар түрдүү спорттук аянтчалар жана объектилер салынып, спортчулардын стипендияларынын көлөмү өсүүдө", — деп белгилеген Жээнбеков.

Премьер-министр спортту өнүктүрүүгө кошкон салымы жана спорттук эл аралык мелдештердин жыйынтыктары боюнча жогорку спорттук жакшы натыйжаларга жетишкендиги үчүн өзгөчөлөнгөн спортчуларга өкмөттүк сыйлыктарды жана акчалай байгелерди ыйгарды.

Участница Олимпиады-2016, борец Айсулуу Тыныбекова - Sputnik Кыргызстан
Биз билип-билбеген Айсулуу Тыныбекова. Спортчу кыз тууралуу кызыктуу 10 факты
Премьер-министрдин резервдик фондусунан  Волейбол федерациясына 100 миң сом каралса, алты жашка чейнки өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпионатында коло медаль тагынган Чынгыз Султай баалуу белек менен сыйланды.

Мындан сырткары, бир канча спортчулар менен машыктыруучулар өкмөт башчынын Ардак грамотасы, энчилүү сааты жана алкыш баракчасы менен сыйланды.

Ардак грамота алган Айсулуу Тыныбекова Instagram баракчасына ыраазычылык билдирип, бийликтин колдоосу спортчулар үчүн абдан маанилүү экендигин жазган.

Жаңылыктар түрмөгү
0